2026-жылдын 22-майында Чолпон айыл өкмөтүнүн жыйындар залында “Коопсуз аймак — коопсуз өлкө” аталышындагы семинар-жыйын болуп өттү. Ички иштер кызматкерлери, мектеп өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан иш-чарада бала тарбиялоодогу ата-эненин жоопкерчилиги менен мектептин ролу ортого салынды.
Чолпон айыл өкмөтүндө 7–11-класстын окуучуларынын ата-энелери үчүн өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту токтотуу боюнча маанилүү семинар-жыйын өттү. Иш-чарага 7–11-класстын окуучуларынын ата-энелери чакырылып, анда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөдөгү ынтымак жана бала тарбиясына өзгөчө көңүл буруу маселелери кеңири талкууланды.

Чолпон айыл өкмөтүнүн жыйындар залында “Коопсуз аймак — коопсуз өлкө” аталышындагы жыйналыш болуп өттү.
Жыйынга катышкан Чолпон айылынын тургуну, пенсиядагы эмгек ардагери жана “Шайыр апалар” тобунун мүчөсү Сагынбүбү Макебаева баланын тарбиясы эң биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталарын баса белгиледи:
“Бала тынч, тарбиялуу жүрүшү үчүн ар бир ата-эне жоопкерчиликтүү болушу керек. Мектеп менен ата-эненин байланышы бекем болсо, ата-эне баласынын тарбиясын, жүрүм-турумун дайыма көзөмөлдөп тура алат. Мындай жыйындар уюштурулганда сөзсүз катышуу зарыл. Анткени өз баласын сыйлаган, анын келечегине кайдыгер карабаган ата-эне мектеп менен дайыма тыгыз байланышта болот”, — деди ал.
Ардагер апа ошондой эле үй-бүлөдөгү өз ара ынтымак баланын психологиясына жана келечегине чоң таасир тийгизерин, ата-эненин жасаган ар бир кадамы бала үчүн түздөн-түз үлгү болорун кошумчалады.

Жыйында Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Адил Жумалы уулу сөз сүйлөдү.
Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын улуу инспектору, милициянын капитаны Орунбек Байкеевдин айтымында, бул семинардын башкы максаты — өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.
“Канчалык аймагыбыз коопсуз болсо, өлкөбүз дагы ошончолук коопсуз болот. Жаш өспүрүмдөрдүн терс жолго барышына жол бербөө үчүн ата-эне, мектеп жана коомчулук биргеликте иш алып барышыбыз керек. Айрыкча 7–11-класстагы балдардын аң-сезими, мүнөзү калыптанып жаткан өткөөл курак болгондуктан, дал ушул топтун ата-энелерин чакырдык”, — деп билдирди милициянын капитаны.
Инспектор ошондой эле үй-бүлөлүк чыр-чатактардын жана зордук-зомбулуктун алдын алууда ата-эненин ролу эбегейсиз экенин эскертти. Чоң адамдардын жүрүм-турумуна алардын айлана-чөйрөсү да таасир этерин, терс чөйрөдө жүргөн ата-энелер акыры келип үй-бүлөдөгү мамилеге да доо кетирерин кошумчалады.

Милициянын капитаны Орунбек Байкеев өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат берүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө ата-энелер дагы өз пикирлерин ортого салышып, балдарга туура таалим берүү, коомдук жайларда маданияттуу жүрүүгө үйрөтүү жана үй-бүлөдөгү үлгүлүү мамилелер тууралуу кызуу талкуу жүргүзүштү.

Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар ата-энелерди балдарынын келечегине көбүрөөк убакыт бөлүүгө чакырып, кыргыз элинин “Куштун балапаны уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген акылман накыл сөзүн дагы бир ирет эске салышты.
Даярдаган: Илима Жумабаева.