2026-жылдын 22-майында, Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы Турусбек атындагы орто мектебинде заманбап кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Багымбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Айдар Алишеров, аймактагы мектеп директорлору, музей жетекчилери, айыл аксакалдары, активисттер жана мектептин жалпы жамааты катышты.


Салтанаттын ачылышында айыл аксакалдары ак баталарын берип, мектепке жасалган ар бир жакшылык — келечекке жасалган камкордук экенин жана бул жерден өлкөгө пайдасы тийген инсандар тарбияланып чыгышын каалашты.

Курулуш башында туруп, өз демилгеси менен түн бир оокумга чейин жан үрөп эмгектенген мектептин агайларына Жергиликтүү Кеңешинин Ардак грамоталары жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Бул спорт аянтчасынын курулушу мамлекеттик ишкананын жана ички демөөрчүлөрдүн, бүтүрүүчүлөрдүн биргелешкен күчү менен ишке ашып, футбол аянтчага жалпы 1 526 000 сом кетти.

Токтогулдагы «Атайын фонд» мамлекеттик ишканасы эң негизги жумушту — заманбап жасалма газонду төшөгөнгө, 950 000 сомдук жардам көрсөттү. Ал эми элдин жана демөөрчүлөр колдоосу менен жалпысынан 576 000 сом жумшалды.

Мектептин агайлар жамааты тарабынан керектүү түтүктөрдү (труба) камсыздоо үчүн 101 000 сом чыгарышкан.
2013-2014-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү (10 жылдыктар): Тор (сетка), профиль жана шестерка зым алып берип, 150 000 сомдук материал менен камсыздашты.
Астана шаарындагы мекендештер (жетекчиси Дастан Байтиков): Казакстандан түз эле 140 000 сомдук курулуш материалдарын жөнөтүшкөн.
Быйылкы 10 жылдык бүтүрүүчүлөр: Аянтчанын жарыктандыруу (прожектор) иштерин толугу менен өздөрү жасап беришет (болжолу 56 000 сом).
2003-2004-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү (20 жылдыктар): 50 000 сом кошушкан.
Жумашалиев Назим: 1 тонна цемент жана сырдоо иштерине 20 000 сом берген.
Бузурманкулов Н.: 20 000 сом өз салымын кошкон.
Бекболиев Бакай, Чалов Таалай, Абдиманапов Абдисатар: Ар бири 10 000 сомдон беришкен.
Эсенкулов А.: 8 000 сом бөлгөн.
Аманбетов Рустам, Болотов Алтынбек кум түшүрүп, техникалык колдоо көрсөтүшту. Мырзыраимов Нурбек Токтогулдагы «Атайын фонд» мапмлекеттик ишканасына долбоор жазып, өткөзүп жакындан жардам берди.

Бул жаңы спорт аянтчасы Терек-Суу айылынын жаштарын сергек жашоого үндөгөн, спортко болгон кызыгуусун арттырган жана айылдын келечегине жасалган чоң инвестиция болуп калды.

Ошондой эле мугалим эжекелер тарабынан агайлардын тамак аштары камсыздалып, мектеп окуучуларынын дагы колдоосу болду. Футбол аянтчада, айылдын жаштары ойноп, Терек-Суу айылын дүйнөгө таанытып Роналдо, Мессидей атактуу футболисттер чыгат деп ишенебиз. Ар бир колдоо көрсөткөн айыл тургундарына ыраазылык билдиребиз дейт мекеп директору Дөөлөтбек Кожомуратов.
Даярдаган: Азема Сабырбекова