Америка жана Жапония бир катар Азия өлкөлөрүндөгү демилгелүү жаштар үчүн тажрыйба топтоо программаларын жарыялады. Ал программаларга кыргызстандыктар да катыша алат.

Жапонияда жайкы практика
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 12-февраль 2021-жыл
Өлкө: АКШ
RIPS – бул жайкы эс алуусун Лос-Анжелесте өткөрүүнү көздөгөн эл аралык таланттуу студенттер үчүн 9 жумалык программа.
Тажрыйба топтоо программасы студенттерге математика, информатика жана ага байланыштуу илимдер тармагына багытталган. Программага катышкан студенттер бир команда болуп иш алып барышат. Студенттик топ, академиялык жана өндүрүштүк насаатчыларынын колдоосу менен маселени иликтешет жана иш-чаранын аягында өз презентацияларын көрсөтүшөт.
Бардык чыгымдар чакырган тарап тарабынан төлөнөт.
Программага кимдер кабыл алынат? Окуу жайды жаңы бүтүргөн жана бакалавриаттын студенттери кабыл алынат.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 7-январь, 2021-жыл
Өлкө: Жапония
Жапониянын улуттук генетика институту (NIG) студенттерге алты жумалык изилдөө программасын сунуш кылат.
Программа илимий изилдөө, илимий коммуникация, лабораторияларга баруу жана изилдөөчүлөр менен баарлашуу боюнча тренингдерден турат.
Программаны ийгиликтүү аяктаган студенттерге аягында сертификаттар берилет.
Уюштуруучулар:
Талаптар:
Иш-чарага бардык өлкөлөрдөн, ЖОЖдордо акыркы курста окуган студенттер катыша алат.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 23-декабрь 2020-жыл
Өлкө: АКШ
АКШнын коомдук кызматташуу алмашуу программасы — уюмдарды өзгөртүү, натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана коомчулукту ар кандай иш-чараларга тартууну каалаган талапкерлер үчүн иштелип чыккан. Бул 100дөн ашуун мамлекеттен талапкерлерди камтыган, толугу менен каржыланган, үч айлык программа.
Программа төмөнкүлөрдү сунуштайт:
• 3 айлык АКШ стипендиясы;
• лидерлик жана жарандык академиясы — окутуу, насаатчылык, профессионалдык коучинг жана глобалдык байланышты камтыйт;
• коомчулук менен кызматташуу долбоору — АКШнын кабыл алуучу уюмунун жана насаатчыларынын жардамы менен стипендиаттар коом менен кызматташуу долбоорун иштеп чыгышат жана пландаштырышат.
• Иштеп чыккан долбоорлорду стипендиаттар өз мекенинде ишке ашырат.
• АКШнын уюштуруучулары бүтүрүүчүлөрдүн өлкөсүнө барышат жана долбоорду жүзөгө ашуусуна көмөктөшөт.
Программанын артыкчылыгы:
Талаптар:
Чет өлкөлүк акысыз курстардын тизмеги
Ар бир кыргызстандык чет өлкөдө билим ала алат
Чет өлкөлүк жыйырмадан ашык университетке тапшырган Марат
Касиет Кубанычбек кызы