Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева Нарын облусундагы мектептептрди кыдырып, анын ичинде Учкундагы Эшбай Токсобаев мектебине да келди. Анын иш сапарынын жыйынтыгында Нарында суук катуу болгондуктан каникулду кайрадан узартуу же окууну кайра улантуу маселеси талкууланып чечилмекчи.
Эшбай Токсобаев мектебинин үстү начар салынгандыктан, кар эригенде тынбай тамчы тамат. Келген комиссия мектептин начар салынганын да белгилеп өттү.

Мектептин көйгөйү боюнча мурунку директору Казыбек Эсенгуло бир нече жолу районго кайрылып көргөн. Мектепти кайра оңдоо, же кайрадан салуу үчүн 47 млн акча каражаты керек экени аныкталган.

Мектеп бөлмөлөрүн текшерүу учуранда кол эмгек кабинетинин жетекчиси Бактыгүл Айдекеева окуучулардын колунан жасалган белектерди аларга тапшырды. Ар бири даярдалган белектердин өзүнө жаккандарын тандап алышты.
Токсобаев мектебинин мугалимдери менен кеңешип, суук катуу болгондугуна байланыштуу каникулду дагы узартуу маселесин талкуулашты. Башка мектептерге да барышып, алар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, балдарды таратуу маселесин карап чыгаарын айтышты.

Мугалимдер болсо каникулду дагы узартууну сунушташты. Бирок Учкундун бала бакчасы күндүн суугуна карабай иштөөдө. Анткени балдарды ата-энелери унаалары менен алып кетип жатышат.

Текшерүүчүлөр мектептин жакшы жактарын да белгилнеп өтүштү. «Токсобаев мектеби «2013 жылы район боюнча эң мыкты деген наамды алган». Мындай мыкты мектеп үчүн мыкты жаңы мектеп керек экенин айтышты.
Даярдагандар: Жанара Асанкул кызы, Бегимай Бекмурат кызы