Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысын 2017-жылдын 25-январында шайланат. Бул боюнча айылдык кеңештин төрагасы Орозбек Көксариев менен маек курдук.
Саламатсызбы! Жергиликтүү айыл өкмөт башчысы канча жылга шайланат?
— Саламатчылык! Айыл өкмөт башчысы төрт жылга жабык шайлоонун негизинде шайланат. Шайлоо 25-январда саат 15:00дө болот.

Кимдер талапкер боло алат? Кандай шарттары бар?
— Жогорку билимдүү, беш жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта иштеген адам талапкер боло алат.
Айыл өкмөт башчысын кимдер шайлайт?
— Айыл өкмөт башчысын Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 21 депутаты шайлайт.
Канча добуш алышы керек?
— 11 добуш алышы керек.
Канча талапкер болууда?
— 2 талапкер болууда. Бири Терек-Суудан, бири Чоң-Арыктан.
Шайлоонун жыйынтыгына талапкерлер же шайлоочулар макул болбосо, жыйынтык жокко чыгарылабы?
— Жокко чыгарылбайт, ошол жерден жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте чечишет.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн