Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде мектептер аралык волейбол мелдеши болуп өттү. Ага Кеңеш айыл аймагынан беш мектептин окуучулары катышты.
Жыйынтыгында 1-орунду Нышанов мектеби, 2-орунду Ак-Чабуу, 3-орунду Шаңкол, 4-Дары-Суу, 5-орунду Арбын орто мектептери ээлешти. Жеңген командаларга сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлыктарды Кеңеш айыл өкмөтү камсыздады.

Нышанов командасынын капитаны Эрмек Маматибраим уулу «Бул оюн өтө кызыктуу өттү, албетте, ар бир оюнда кыйынчылык болбой койбойт, бирок ошол кыйынчылыкты жеңип чыктык» деп билдирди.

Мелдешке күбө болгон Нурманбет Арун уулу жеңүүчү команда татыктуу утканын айтат. «Жапар Нышановдун балдары кыйын эле, мен бул балдарды колдодум», — деди ал.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн спорт боюнча башкы адиси Жеңишбек Исаевдин айтымында, мелдеш спортту чыңдоо, чыр-чатактын алдын алуу максатында өткөрүлгөн.
Даярдаган: Тахмина Абдикерим кызы
Редактор: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн