Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында таштанды таштоочу урналар жок. Урналардын жоктугунан улам айыл тургундары таштандыны сайларга ыргытууда.
Сайларга ташталган таштандылар айылдын экологиясына терс таасирин тийгизип, андан сырткары ооруларды алып келиши мүмкүн.

Таштанды маселеси боюнча Сумбула айыл өкмөт башчысынын орун басары Сайпидин Өмүрзаковдон маалымат алдык.

“Таштанды таштоочу урналарды коюу планда бар. Өкмөттүн эсебинен буга атайын каражат бөлүнсө эле Сумбула айыл аймагына урналар коюлат. 2013-жылы Андарак айылына, Искрага таштанды таштоочу жайлар курулган. Ага 30 миң сом каражат сарпталган. Ал жерге ташталган таштандылар бат-баттан күйгүзүлүп турат”, — деп билдирди Өмүрзаков.
Даярдага: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн