Нарын районунун Куланак айылында быйыл кыш мезгили өтө катуу болуп, абанын температурасы -40 градуска чейин жетти. Кычыраган кышта айыл элинин турмушу кандай өтүп жаткандыгы тууралуу материалыбызды сунуштайбыз.

Куланак айылынын тургуну Сыдык Жусубалиев сууктун катуу болгондугун баса белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.
“Негизи былтыркы жыл аябай эле жеңил болгон. Мал дагы эттүү болгон дегендей. Ал эми быйыл кар калың түштү. Телевизорлордон -25 градус деп көрсөтүп жатат. Бирок факты боюнча -40 градуска чейин жетип жатат. Мал болсо арык, эмитеден ушундай болуп жатса, жаздын күнү эмне болоорун бир кудай билет. Буюрса кыштан аман-эсен чыгып кетебиз деген үмүттөбүз”, — деди Жусубалиев.

Андан тышкары тоюттун кымбаттыгын дагы кошумчалды Сыдык Жусубалиев.
Быйыл көмүр 3500 сомдон 3800 болсо, чөптүн баасы 120-150 сомдун тегерегинде.

Айрым айыл тургундардын айтымына караганда, кээде малга сууну чакалап ташып беришет. Анткени кар калың жаап өтө суук болгондуктан, сайдагы суу өйдө көтөрүлүп, мал ичүүгө кооптонууну жаратат.

Ызгаардын кесепетинен кээ бир мал жандыктар ооруп, өлгөндөр да болот.


Айылдын дагы бир тургуну Бейшенбек Иманов да быйыл кыш мезгили бизге бир топ эле кыйынчылыктарды алып келгенин айтат.
«Мисалы, мектепте окуу токтотулду, малга да кыйын болуп атат, андан тышкары көмүр жетишсиз болуп, кээ бирлеринин үйү жылыбай жатат. Ал эми тоют жагы азырынча өзүбүзгө жетиштүү. Элдики деле жетиштүү болуш керек”, — дейт Иманов.
Айылдагы кардын калыңдыгы болжол менен 40 сантиметрге чейин жетет.

Аймакта 2015-жылы да суук катуу болуп, айрымдарынын короосуна чейин муз каптап кеткен эле. Бирок быйыл андай учур каттала элек.

Даярдагандар: Самара Рыскелди кызы, Ырысбай Адамалиев.
Мыкты макала сынагы үчүн