Тариэл Мамбетибраимов Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын кичинекей тургуну. Ал азыр болгону 11 жашта экенине карабастан өз алдынча кичинекей машина жасаганга жетишкен.
Тариэл кандайдыр бир батарея же токко сайса иштеп кетүүчү буюмдарды жасаганды жакшы көрөт. Машина жасоого сыналгыдан берүү көргөндөн кийин кызыга баштаганын айтат ал.
— Мындай нерселерди жасоого кызыгып жүргөнүмө аз эле убакыт болду. Мен машина кантип жасалып, анан жүрөрүнө кызыгып жүрчүмүн. Оор экенин деле билчүмүн. Биринчи кадимки эле оюнчук машинанын кузовун, дөңгөлөктөрүн чогултуп ылайыктадым. Анан биз колдонуп жүргөн DVDнин диск айланта турган моторун жана оюнчук машинанын да моторун чыгарып алдым. Аларды скотчтоп, дөңгөлөктөрдү тагып, зымга туташтырып, батарейканы кошуп көрдүм. Жүрүп кетти. Ушундан кийин ага кичине оюнчук машинанын кузовун тагып койдум. Ал эми батарейка кадимки уюлдук телефондукун пайдаландым. Жасап, кайра бузуп жатып эки жумада бүттүм.
Тариел сууда өзү жүрүүчү кайыкты жасап көрүүнү ойлонуп, ага керекүү буюмдарды чогултуп жатат. Ал дене тарбия жана сүрөт сабагын жакшы көрөт.

Бош убактысын текке кетирбей үй жумуштарына жардам берет жана жомок китептерди окуйт. «Келечекте ойлоп табуучу болгум келет», — деген тилегин билдирип өттү Тариел.
Даярдаган: Эльвира Кубанычбекова
Редактору: Аима Тажиева
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!