БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясынын эл аралык стандарттарына Кыргызстан үчүн маанилүү өзгөрүүлөр киргизилген. Ага ылайык, грек жаңгагына тиешелүү DDP-02 стандартын белгилөөдө “жапайы өскөн грек жаңгагынын маңызы” түшүнүгү колдонулат. Ал жаңгак эндемик түрүндө Кыргызстандын түштүгүндө 42 500 гектар жерди ээлеп өсөт.
DDP-02 стандарты англис тилинен атайын түшүндүрмөлөр жана көрүнүктүү сүрөттөр менен коштолуп кыргыз тилине которулган. Ага жараша Кыргызстандагы өндүрүүчүлөр, кайра иштетүүчүлөр, экспортерлор жапайы жаңгактын калибровкасы, формасы, товардык келбети, таңгактоо жана маркировкасынын минималдуу талаптарына жооп берип башташат.
Мурдагы эл аралык стандарттар жаңгактын атайын өстүрүлүп чыккан сортторун гана камтычу. Ал эми БУУ ЕЭК DDP-02 стандартында бекитилген өзгөрүүлөр Кыргызстанда өскөн жапайы жаңгактын белгилүү эл аралык талаптарына ылайык келип, анын Европа өлкөлөрүнө экспорттолуушуна көмөк көрсөтөт.
Эл аралык стандарттагы өзгөрүүлөр Германия эл аралык кызматташтык коому ишке ашырган кыргыз-герман “Жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” долбоорунун алкагында ишке ашкан. Кыргызстандын техникалык тобунун демилгеси жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн колдоосу менен иш жүзүнө ашырылды.