Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылынын эли ашар жолу менен көпүрө сала башташты.
Айылдардын ички инфраструктурасын жакшыртуу, калктын ыңгайлуу жашоосуна шарт түзүү иши жергиликтүү бийликтин негизги милдети. Бирок, мында жергиликтүү жамааттардын демилгеси өтө баалуу. Могол айыл аймагынын Кызыл-Суу айылындагы тургундар демилге көтөрүп, алардын жашоо-турмушу үчүн эн зарыл көпүрөнү ашар жолу менен курууну башташкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан демилгелүү тургундарга колдоо иретинде товардык-материалдык жардам берилген.
Жергиликтүү элдин айтымында бул көпурө өтө зарыл эле. Анткени биз айыл менен башкы жолго чыгуу үчүн жыгачтан жасалган көпүрөбүз эскилиги жетип кооптуу болуп калды. Жалпы жамаат сүйлөшүп, көпүрөнү баштоону чечтик.
Буюрса, эл күткөн көпүрө курулуп, элдин кызыкчылыгына пайдаланылат деп билдиришти.
Ширин Маратбекова