Мал багып же жер иштетүү айыл тургундарынын басымдуу бөлүгүнүн киреше булагы. Бирок, түйшүктүү оокаттан чарчап, бизнес баштасамбы деген адамдар жок эмес. Төмөндө айылда ачууга мүмкүн болгон бизнестердин түрлөрүн сунуштайбыз.
1. Гүл бизнеси
Гүл бизнеси
Гүл бизнеси ар дайым киреше булагынын бири түрү болуп келген. Күнөсканага отургузулган гүлдөр ар дайым суроо-талапка ээ жана алар өзгөчө майрам учурунда көп сатылаары белгилүү. Көпчүлүк гүл өстүрүүчүлөр өздөрү жакшы көрүп жасаган ишинен киреше табуунун ойлонушат. Мындай бизнести уюштуруу анчалык деле татаал эмес. Болгону ага ар дайым көңүл бөлүп кароо керек.
Бизнести баштоо үчүн:
1. жер тилкеси,
2. жылытылган жана жарыктандырылган күнөскана,
3. жакшы отургузуу материалдары,
4. гүлдү дүңүнөн сатып алуучулар керек.
Бүгүнкү күндө үй гүлдөрүнөн тарта короо гүлдөрүн сатып алууга, эшик алдында кооздук жаратууга элдин кызыгуусу артып барат. Бул суроо – талапты сиз өзүңүздүн кирешеңиз үчүн колдонсоңуз жыйынтыгы сөзсүз кубандырат деген ойдобуз.
2. Үрөндөр жана көчөттөр бизнеси
Үрөндөр жана көчөттөр бизнеси
Айыл чарбасында дагы бир тармак — үрөндөрдү жана көчөттөрдү сатуу. Бул дагы эң жөнөкөй бизнестеридин түрүнө кирет. Сиз бул ишти эч кандай инвестициясыз баштай аласыз. Мисалы, малина, карагат өңдүү бадалдуу өсүмдүктөрдү өстүрүү бир топ жөнөкөй. Алар өзгөчө кам көрүүнү талап кылбайт жана тез көбөйөт.
Бизнести баштоо үчүн: чакан жер аянты жана өстүрүү үчүн кадимки шаймандардын болуусу жетиштүү.
Жыл сайын жаз, күз мезгилинде көчөттөрдү жана үрөндөрдү сатып, киреше булагын тапсаңыз болот.
3. Чатыр орнотуу жана оңдоо
Чатыр орнотуу жана оңдоо
Курулуш иштери ар дайым актуалдуу. Айыл жерлеринде үйдүн же сарайдын чатырын жабдыруу, алмаштыруу талабы болуп тураары белгилүү. Андыктан, сиз “колу билген” адам болсоңуз, бизнестин бир түрү катары ойлонсоңуз болот. Айыл чарба багытындагы имараттын чатырын жабуу үчүн атайын билимдин деле кереги жок. Бирок, ар түрдүү проекттиде курулган үйлөрдүн чатырын талаптагыдай жабууда билим жана тажрыйба керек болот.
Команда түзгөнүңүз дурус. Эл тез жана сапаттуу иштеген адамдарды баалайт. Ошондуктан, ишенимдүү адамдар менен топ түзүп же алдыңызга киши алып ишти баштасаңыз болот. Бул бизнес кышкысын токтоп калат. Бирок, күз, жаз, жай мезгилдери айына 100 миң сомго чейин киреше кылса болот.
Бизнести баштоо үчүн: сизге 100-150 миң сом тегерегинде каражат керектелет. Бул акча шаймандарды жана чыгым материалдарын алууга керектелет.
4. Күнөскана куруу жана орнотуу бизнеси
Күнөскана куруу жана орнотуу бизнеси
Айыл жеринде күнөскана иштетүүгө кызыккандар жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Ошондуктан, эгер курулуш иштерине кызыксаңыз бул кызматты сиз сунуштасаңыз болот. Бирок, күнөскана менен иштөө сезондук бизнес экендигин түшүнүү керек. Жакшы сатылган учур — жаздын башталышына туура келет. Эгер сиз бул ишке кызыккан болсоңуз, анда ишиңизди жазга тууралап баштаңыз. Эң негизгиси, потенциалдуу кардарларды табуу. Чакан ферма же жеке кардарларга өз кызматыңызды таанытыңыз.
Бизнести баштоо үчүн: күнөскана тууралуу окуп, үйрөнүңүз. Бул бизнести ачуу үчүн, жабдуулар жана шаймандарды сатып алуу үчүн жок эле дегенде 50 миң сом кетет. Кесүүчү, ширетүүчү машина, ошондой эле металл конструкцияларынын бүгүлүшү үчүн түрдүү шаймандар талап кылынат.
Мындай бизнестин кирешелүүлүгү 100-150% га жетиши мүмкүн. Баштапкы инвестициялар 4-5 буюртмадан кийин өзүн актай баштайт. Кирешени көбөйтүү үчүн, күнөскана куруу гана эмес, курулмаларды орнотуу менен да алектенсеңиз болот.
5. Туризм
Соң-Көл жана туризм
Кыргызстандын ар тарабы кооз. Бирок, сиз жашаган кооздукту сырттан барган адамга сиз көрсөтүп, түшүндүрүп бере аласыз. Бул бизнес түрү бир караганда сизге кызыктай сезилиши мүмкүн. Себеби, сиз ошол кооздукта жашап, анын кадырын анчалык деле билбейсиз.
Бирок, жайдын аптабы же кыштын ызгаары болобу шаардыктар жана чет өлкөлүктөр тоого, булак суусуна, шаркыратмага, жылуу сууга, көлгө эң башкысы таза аба, салкын желге суусап турат.
Акыркы жылдары Кыргызстанда да айылда туристтер үчүн эс алууну уюштурган турлар, конок кабыл алуучу жайлар, көңүл ачууга арналган оюн-зооктор уюштурулуп келет. Сиз дагы, балким конок кабыл ауучу жай же туристтер үчүн кооз жерлерге турларды уюштурсаңыз болот.
Бизнести баштоо үчүн: бул идея кирешелүү жана келечектүү, бирок белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Биринчиден, мындай бизнести бардык эле айылда жасап, бир гана ыңгайлуу турак жай менен туристтерди тарта албайсыз. Айылда таза көл, кооз токой, жылуу суу же башка кызыктуу жерлер бар болсо ал туристтерди кызыктыраары бышык. Экинчиден, бул идея көрктүү, кооз, кең бакчасы бар үйлөрдүн ээлерине ылайык келет. Үчүнчүдөн, туристтердин эс алуусун (экскурсиялар, балык уулоо, көңүл ачуу ж.б.) кантип уюштуруу жөнүндө ойлонуш керек. Андыктан, эгер мындай бизнести нөлдөн баштасаңыз, көп акча жана убакыт талап кылынат.
Касиет Кубанычбек кызы
Буга тектеш башка макалаларды окуңуз:
Чүкөнү бизнеске айланткан жаш ишкер
Бактыгүль Аскералиева: Өзүмдү ишкер эмес, агроном катары тааныштырам…