Covid-19 га байланыштуу Кыргызстан мектеп жана ЖОЖдордо онлайн окутууларды өткөрдү. Бирок, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелердин санариптик технологияларга сабаты төмөн экени сезилип жатты. Пандемияда түзүлгөн “Онлайн университет” платформасы бул учурда мугалимдерге санариптик технологияларды үйрөттү.
“Онлайн университет” пандемия учурунда түзүлдү.Өлкөгө карантин киргизилгенден тарта бир айдын ичинде аталган платформа тузүлүп, онлайн окутуу вебинарларын баштаган.
“Баардык мектептер, жогорку окуу жайлар пандемия учурунда онлайн билим берүүгө өткөндүктөн, биз өзүбүз дагы ЖОЖдордо мугалим болгондуктан, аябай кыйынчылыктарды көрдүк. Мектептер, ЖОЖдор карантин учурунда абдан чоң кыйынчылыктарга дуушар болду. Ошондон улам, биз ойлонуп отуруп, мугалимдердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максаты менен ачтык. Мектептин жана ЖОЖдордун окутуучулары, директор, завуч, усулчуларын топтоп иш алып жатабыз. Мектеп жамааты үчүн өзүнчө, ЖОЖдор үчүн өзүнчө тайпаларды ачып, акысыз вебинарларды берип баштадык” дейт “Онлайн университет” платоформасынын негиздөөчүсү Элира Турдубаева.
Элира Турдубаева вебинар учурунда
Аталган платформасы өз ичинде мектеп лабороториясы, илим изилдөө лабороториясы, балдар жана ата-энелер, онлайн окутуу лабороториясы деген багыттарда ачылган. Анын негизинде бала бакчадан тарта ЖОЖдордо эмгектенген мугалимдердин санариптик сабаттуулугу өстү дейт Элира Турдубаева.
“Биз 32 күн ичинде 40 вебинарды өткөрдүк. Билим берүүнүн жаңыча ыкмаларын үйрөтүп баштадык. Кээде бир күндө экиден вебинар өтүп жаттык. Алгач, баарына “zoom” программасын колдонгонду үйрөттүк. Андан соң, акысыз программа катары “Jitsi”, студенттерге онлайн сынак өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген “Google Classroom”ду үйрөттүк. Негизинен санариптик программалардын акысыз болушуна маани бердик. Анткени, акы төлөгөнгө мектептердин гана эмес, университеттердин да шарты жок экен. Азыркы учурда видео сабактарды даярдоону үйрөтүп жатабыз. Видеону тартып, монтаждап, үн же музыка кошуу, аларды youtube да өз каналын ачып, ошол жерге койгонду үйрөтүүдөбүз. Учурда жаш-кары дебей, мугалимдер Кыргызстандын булуң-бурчунан жапа тырмак киришип бул нерселерди өздөштүрүп жатканы кубандырат.”
Санариптик технологиялар боюнча вебинарлар бир гана окутуучулар үчүн эмес,мамлекеттик кызматкерлер же уюмдарда иштеген кызматкерлер үчүн да керек дейт Элира айым. Анткени, карантинде улам, үйдө ишин улантып жаткан кызматкерлер үчүн ар түрдүү онлайн конференцияларды өткөрүү же катышуу үчүн санариптик билимге муктаждык пайда болот.
“Мындан тышкары, илимий изилдөөчүлөр үчүн атайын вебинарлар өтүп жатат. Академиялык чынчылдык, плагиат деген маселелер бар бизде. Ошондуктан, илимий изилдөө усулдары деген лабороториябызда алдыңкы илимпоздор өз тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышты. Өзгөчө аспиранттар, илимпоздорго илимий изилдөө методдору деген сабактар жок болгондуктан, алар башка бирөөлөрдүн эмгегин көчүрүп алышат экен. Кыргызстанда изилдөөлөр жүргүзүлбөйт экен. Чет өлкөдөн изилдөөчүлөр келип жүргүзүп кетет экен, бирок алар илимий макалаларын англис тилинде чыгарышат. Ошондуктан, жергиликтүү илимпоздордун потенциалын күчөтүп, өзүбүздү өзүбүз изилдейли деген демилге көтөрдүк. ”
Онлайн университет платформасынын вебинары учурунда
Мындан тышкары, Онлайн Университет Платформасы менторлук ишти баштаган. Анда чет өлкөдө илимдин доктору же профессору болгон кыргыз улан-кыздары бештен жаш илимпоздорду алып, шакирттерин өстүрөт. Ошондой эле, бала тарбиялоо, кайын эне – келин ымаласы, зордук зомбулукка каршы вебинарларды да ж.б өткөрүп келет. “Онлайн университет” платформасынын мүчөсү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “социология” бөлүмүнүн окутуучусу Бактыбек Исаков онлайн окутууну мүмкүнчүлүк катары кабыл алып, бул аралыкта жаш-кары, мугалим, окуучу же пенсионер дебей, аны жалпы эл өздөштүрсө деген ойдо.
“Онлайн университет” тарабынан пандемия учурунда билим берүү кандай болду деген изилдөө жүргүзүлдү. Ал онлайн окутууга мектеп, ЖОЖдор даяр беле, анын сапаты кандай болду деген изилдөө эле. Көптөгөн өлкөлөрдө онлайн окутуу платформалар бар. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, биз аларды негизинен билбейт экенбиз. Муну ачык эле айтуу керек. Ошол анкетанын бир суроосу мындай болчу: “Пандемия башталгандан бери сиз билим тармагында кайсы онлайн платформаны колдондуңуз?” Буга анкетага жооп бергендердин 70% — “WhatsApp” деп жооп бериптир. Негизи WhatsApp окутуу платформасына кирбейт, ал күнүмдүк баарлашуу куралы катары колдонулат. Биздин билим берүүдө, сабак өтүүдө ошол WhatsAppты колдонгон. Эми азыркы шартта онлайн окутуу, вебинарларды акысыз түзүп берүү керек. Айырмасы жок, мектеп окуучусубу же мугалимби, пенсиядагы ата же апа, жеңе, байке болобу бардыгыбыз колубуздагы санарип телефонду билим алууга колдонууга убакыт келди. Телефонду күнүмдүк баарлашуудан мурда өзүбүзгө пайдалуу нерселерди үйрөнүүгө колдонсок жакшы болот эле.
Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өтөт
Касиет Кубанычбек кызы