Коронавирус илдетине байланыштуу карантин кырдаалы күчөп, мектептер жана жогорку окуу жайлар март айынан тарта окуу жылы аяктаганга чейин аралыктан окутулуп, студенттер жана окуучулар онлайн билим алышты. Мындан улам быйылкы окуу жылы 30-майда жыйынтыкталды. Акыркы коңгуроо салтанаты да белгиленген жок.
Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Айгул Токоева төмөндөгү маалыматтарды берди:
“Мугалимдер жазуу, текшерүү, тест иштерин WhatsApp , Zoom программалары аркылуу алып, чейрек бааларын коюшту. Ошондой эле 5- 10-класстар үчүн быйыл класстан класска көчүрүү сынактары болбойт. Санитардык эрежелерди аткаруу менен, 9-11 бүтүрүүчү класстардын мамлекеттик сынактары министирлик сунуштаган формат боюнча, мектепте тиешелүү буйруктун жана убактылуу жобонун негизинде предметтик комиссиялар түзүлүп, түзүлгөн комиссия окуучунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин байкап, чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик баа коюшту. Эгерде окуучу же ата-энеси жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Жалпы мамлекеттик экзамендер 2-13-июнда 5 предметтен өтүлдү.”
Аталган орто мектептин китепканачысы Улук Абдылдаев китеп иштери тууралу мындай деди:
“Райондук билим берүү бөлүмүнөн 20-майдан баштап 9-11- класстардын китептери өткөрүлсүн деген буйрук келген. Ошонун негизинде жетекчи буйрук чыгарып, класс жетекчисинин көзөмөлүндө быйылкы 9-11 класстын бүтүрүүчүлөрү 20- майдан баштап китептерин өткөрүштү. Ал эми калган класстардын китептерди качан өткөрүшөт экени белгисиз. Бирок, биз чалып байланышканыбызда август айында тапшырышат деп билдиришти.”
Белгилей кетсек быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы Республикалык Тестирлөө 21-25-июнь күндөрү өткөрүлөт.
Агайдын өнөрү жаш мугалимдерге насаат
Элизат Санжырбек кызы