Дүйнө жүзүн каптаган пандемия адамдын кары-жашына карабай баарыдыгына оорчулук алып келүүдө. Жумуштар токтоп, каражаттын тартыштыгы үй бүлөлүк бюджетке залакасын тийгизип отурат. Мындай оор күндөрдү айылыбыздын кары адамдары үйдөн чыкпай, карантиндин эрежелерин так аткаруу менен өткөрүшүүдө. Бул аралыкта кары адамдарыбызга ким жардам берди, дары-дармектерин кантип алышты деген суроолор жаралбай койбойт.
Зуура Чынтемирова Суусамыр айылынын тургуну, ал айылдык дарыканада керектүү дарылар өтө эле кымбат экенин айтып, нааразы болду:
“Биз үй-бүлөбүз менен карантиндин эрежелерин сактап, үйдөн чыккан жокпуз. Балдарды сыртка жумшасам масканы таккыла деп жатам. Айылыбыздагы дарыканадан дары-дармектерди алдырайын десем өтө эле кымбат экен. Негизи дарыларымды шаардан алдырчумун, пенсиям тийсе дарыларымды шаардан алдырам. Карантин маалында Тынчтык Конушбаевден ун, май жардам алдык, андан башка эч кандай жардам алган жокпуз. Пенсияны өздөрү убагында эле үйгө келип берип жатышат. Тамак-аш жетиштүү эле болду. Анткени менин пенсиям бар, келиним иштегендиктен азык-түлүктөн кыйналган деле жокпуз, бирок уулум иштебей эле азыр. Ушу оорудан аман-эсен чыгып кетсек экен. Жалпы элибизде тынчтык болсун!”
Суусамырда карантин учурунда улгайган адамдарга жардам берүү болгон жок. Кары-картаңдардан сурамжылоо жүргүзгөндө мурдагыдай эле жашоо болгонун, бирок азык-түлүктөрдүн баасы жогорулап, карантиндин башында айылдагы дүкөндөрдө кумшекер, ун, майдын жоктугу ойлондурганын айта кетишти.
Жакшыгүл Кыштообаева 74 жашта пенсионер: “Карантиндин эрежелерин сактап үйдө болдук. Ушундай кырдаалда эч жактан жардам алган жокпуз. Дүкөндөрдө ун жетишсиз болгондуктан, айыл өкмөтүнөн ун сатып алдым. Көбүнчө дарыларды шаардан алдырам, бул жакта кымбат. Бир жолу ооруканага барып арзандатылган дары сатып алдым.”
Үсөн Асанбеков 95 жашта, пенсионер, айыл тургуну: “Менин байкашымча элдер карантин маалында тынчтыкты сактап үйдө болушту. Кара балтанын айыл өкмөтүнөн ун,кумшекер, чай, өсүмдүк майын үйгө алып келип беришти. Пенсиямды убагында үйдөн алып жаттым. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жол башчыларыбызга рахмат. Элге тынччылык берсин, балдарыбыз өмүрлүү, бутактаган чарбактай өсө берсин, бизге элдин тынчтыгынан башка эч нерсе кереги жок.”
Элизат Санжырбек кызы