Кыргызстанда ала качууга арналган мобилдик оюн-сериал түзүлдү. 11 бөлүмдөн турган интерактивдүү оюн-сериалдын негизги максаты – кыздардын укуктары жана ала качууда аларды коргой турган мыйзамдар жөнүндө маалымат берүү. Кыргыз жана орус тилинде ишке кирген мобилдик тиркеме, жума сайын сериал катары чыгып турат дейт түзүүчүлөр.
“Жазгы Бишкек” аталышын алган мобилдик оюн-сериалдын бет ачары бүгүн, 22-июнда, өтөт. Оюндун авторлору ала качууну алдын алуу боюнча иштеген “Айкын багыт” фонду, активист жана сценарист Мария Середа, UX-специалист Ирина Леу, сүрөтчү Татьяна Зеленская жана программист Влад Касаткин.
Оюн 2009-жылдан бери аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо, анын ичинде Кыргызстанда ала качууну алдын алуу багытында иштеп келген “Айкын багыт” фонду жана Мария Середа, Ирина Леу тарабынан иштелип чыккан. Июнь айынын башында оюн АКШдагы эл аралык NarraScope-2020 наративдик оюндар конференциясында көрсөтүлгөн.
Оюндун башкы каарманы күтүлбөгөн жерден оор кырдаалга туш болот: биринчи курста чогуу окуган курбусун бирөө ала качып кетет, кыздын ата-энеси жана туугандары элдин сын-пикиринен коркуп, аны алып кетишпейт. Бул учурда сиз курбуңузду сактап калуу же кийлигишпөө жөнүндө чечим кабыл алышыңыз керек, анткени окуянын башкы каарманы – сиз болосуз.
Оюндун өзү анимацияланган комикс, сиз болсо оюнчу катары эле окуяларга күбө болбостон, башкы каарман катары репликаларды жана башка аракеттерди тандап, сюжетти өзгөртө аласыз. Башка үй-бүлөнүн иштерине кийлигишүү же сүйүү менен достуктун ортосундагы оор тандоону жасоо сиздин гана чечимиңизден көз каранды болот. Ошондой эле, башыңыздан өтпөгөн, буга чейин маани бербеген маселелерди түшүнүүгө аракет жасап, көптөгөн суроолорго жооп издейсиз.
Оюндагы бардык аракеттер досуңуздун атынан өтүп жаткандыгына карабастан, бир бөлүмдө сиз ала качкан кыздын ордуна өзүңүздү коюп, анын абалында болуп, ала качкан адамдын үйүндө калууну же кетүүнү чечесиз.
Мобилдик оюн-сериалдын негизги максаты – кыздардын укуктары жана ала качууда аларды коргой турган мыйзамдар жөнүндө маалымат берүү. Оюндун башкы каарманы анын курбусун ким ала качып кеткендигин териштирип жатканда, журналисттик блокнотунда маанилүү кеңештер пайда болот: Кыздарды ала качуудан кандай мыйзамдар коргойт? Кимдир бирөөнү ала качкан болсо, кайда кайрылуу керек? Милицияга кантип жана кайсы учурда кайрылыш керек? Ала качкан адамдын үйүндө эмне кылуу керек? Бул оюн-сериалда Кыргызстандагы мыкты юристтер жана психологдордун кеп-кеңеши бар — дейт “Айкын багыт” фондунун директору Мунара Бекназарова.
“Эгер кыздар никеге турууга мажбур болушса, аларга жардам бере турчу жөнөкөй жана маанилүү кеңештер бар. Бирок бул нерселер гана маанилүү эмес. Биз кыздарга кыялданууга, чечим кабыл алууга жана өзүн көз карандысыз сезүүгө мүмкүнчүлүк берген оюнду иштеп чыгууга аракет кылдык. Оюн кыздарды өз кыялдарына ишенип, ала качуу аркылуу мажбурланган никеге каршы турууга күч берет деп үмүттөнөбүз, анткени алар гана бул көйгөйдү айтуу менен, өзгөрүүгө багытталган процестти баштай алышат.”
«Укмуштуу окуяларыңызды тандаңыз» жанрындагы ролдук оюндар дүйнөдө популярдуулукка ээ болууда, — дейт оюндун геймдизайнери Ирина Леу.
“Бул сезимдер, эмоциялар, көз караштар жана тандоолор жөнүндөгү оюндар. Мындан сырткары, кыздар үчүн маанилүү, көп учурда тыюу салынган нерселер жөнүндө сүйлөшсөңүз болот. Азырынча тиркемеде бир окуя бар, бирок күзүндө дагы бир китепти чыгарууну пландап жатабыз.”
Сценарийди жаратууда никеге туруу үчүн ала качууга дуушар болгон кыздардын башынан өткөн чыныгы окуялар чогултулган. Ал өлкөнүн ар кайсы бурчунда жашаган кыздардын айтып берген ондогон окуяларына негизделген дейт «Жазгы Бишкек» сценарийинин автору Мария Середа.
“ Сюжеттеги окуяларда ушундай кырдаалга туш болгондо адам өзүн кандай алып жүрүү керектигин жазуу үчүн мен адвокаттар, психологдор жана укук коргоочулар менен ар дайым кеңешип турдум. Бирок ошол эле учурда, «Жазгы Бишкек» биринчи ирээте — оюн. Биз оюнду чындыгында кызыктуу жана ошол эле маалда коркунучтуу болбосун деп, романтикалык жолугушуулардан баштап сүйлөгөн крокодилдер сыяктуу ар кандай жагымдуу нерселер менен кошумчаладык.”
Окуянын негизги сюжеттик баянынан тышкары, оюнда романтика жана көңүл ачуу сезимдери бар: башкы каарман жигиттер менен таанышып, кийимдерин өзгөртүп, кечелерге барып, атактуулар менен маектешип, достору менен урушуп жана элдеше алат. Бардык окуялары жазгы Бишкектин көчөлөрүндө, ошондой эле анын айланасындагы айылдарда болот. Аларды Татьяна Зеленская тарабынан тартылган оюндун сүрөттөрүнөн таба аласыз. Татьяна Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө кыздар менен аялдардын укуктары боюнча мультфильмдер жана долбоорлор менен белгилүү.
“Мен үчүн эң негизгиси – оюнда эч кандай жасалмалуулуктун жоктугу. Мен биздин чыныгы Бишкекти, шаардын тургундарын көрсөткүм келди. Оюндагы иллюстрациялардын стили бир аз «кооз жана суктанарлык» болду, бирок бул менен мен адамдардын жасалма болушуна жол бербөөгө аракет кылдым.”
«Жазгы Бишкек» оюну кыргыз жана орус тилинде түзүлүп, бардык колдонуучулар үчүн акысыз. Аны Android же iOS аркылуу жүктөп алсаңыз болот.
Мындан башка, «ала качуу» же Кыргызстанда пайда болгон пайдалуу «мобилдик тиркемелер» тууралуу окуңуз:
Зарина: Ала качуунун айынан университетте окубай калдым…
Коркунучтан куткаруучу мобилдик тиркеме иштелип чыкты
«Жардам берем» жана «Жардам керек» тиркемелерин колдонуңуз
Касиет Кубанычбек кызы