Кызды турмуш куруу максатында урдоо кылмыш болгонуна карабай аны салтка шылтагандар бар. Салттын түпкү мааниси башка болгонун азыркы мажбурлоо экөөнү адаштырбоо керектигин айтышат. Кыргыз Республикасындагы никелердин 20%дан ашыгы кыздарды ала качуу жолу менен жасалган, мажбурланган никелердин үлүшү 6%түзөт.
Эл арасында кыз ала качуу туура салт болгон деген пикирди кармангандар дагы бар. Айыл тургуну Калиман Мааткеримова салт чынында андай болбогонун мажбурлап алып качуу менен ал кездеги ала качууну алмаштырбоо керектигин айтат:
“Ала качуу боюнча салт эмес, илгери баланын ата- энеси кедей болуп калың берүүдө кыйналып калган учурда кыздын макулдугу менен ала качуу кылып, андан кийин изилдөөөчүлөр барганда сүйлөшүп чечишип алышкан. Кыздын макулдугу жок алып качса жаза тартышкан”.
Азыркы заманда мен кылмыш деп эсептейм. Көп турмуш ушул ала качуудан бузулат, анткени жакшы көрбөйт, жек көрүү менен өмүр бою жашай албайт, жашаса да жашоо кызыксыз болуп күндөр өтө берет, акыры ажырашат, ортодо балдар толук үй- бүлөдө тарбияланбайт. Динде да ала качуу кылмыш болуп эсептелинет.”
Гендердик эксперт Зульфия Көчөрбаева “Ала-качуу” — бул адам уурдоого барабар болгон кылмыш. Илгери бай жана кедей адамдардын ортосундагы айырмачылык чоң болгондуктан, кыз менен жигит сүйлөшүп алып ала-качууга барышчу. Ал эми азыркы учурда ала-качуулар көбүнчө кыздын макулдугусуз аткарылып келгенин айтып буларга токтолду.
Бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча, жыл сайын 10 миңге жакын кыз ала качуу (күнүнө 27 учур) катталат. Кээбир учурларда мындай кадамдар абдан өкүнүчтүү аяктаганы баарыбызга маалым(Айзаданын жана Бурулайдын окуялары). Ал эми кыздар менен балдардын өз ара таанышып, өз ыктыяры менен курган үй-бүлө бекем жана туруктуу болот, ошондой эле ажырашуулар аз болот.
Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен диний ырым-жырымды жасаткан, тагыраагы, үйлөнө турчу адам, анын ата-энеси (башка туугандары) жана нике кыйган киши 2,5 жылдан 5 жылга чейин кесилет. Мыйзамда II категория боюнча жаза берилет деп жазылган дейт Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Региондор аралык башкармалыгынын координатору Урматбек Бакиров баса белгилеп кетти:
Ала качуу боюнча Кыргызстандын Жазык кодексинин «Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана жашы жете электердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар» бөлүгүндө каралган.“Адамды никеге туруу максатында уурдагандарга жаза 175-беренеде адамды анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдагандар III категория менен кесилет. Тагыраагы, 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Жашы жете электерди уурдагандарга жаза катуу он сегиз жашка жете элек адамды иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу үчүн же болбосо анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдагандар IV категориядагы айыпка жыгылып, эркинен ажыратылат.
Никеге туруу үчүн эркек менен аялдын макулдугу жана алардын нике куракка жетиши (18 жаш) зарыл экени баса белгиленет.
Анара Мааметова