Аялдарга карата зомбулукту азайтуу боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан атайын иш чаралар уюуштурулуп турат. Азыркы тапта жумуш үстүндөгү ыдык көрсөтүү бул кылмыш экенин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, семинар-тренингдер өткөрүлүүдө.
Азыркы убакта аялдарга карата ыдык көрсөтүүлөр көп болууда. Бул биринчи кезекте аялдын эркин жашоо укугун чектесе, экинчиден зомбулуктун күч алуусуна алып келет. Жергиликтүү бийликтин депутаты Мыскал Байгазиева ыдык көргөндөрдүн басымдуу бөлүгү аялдар экенин белгилейт:
Мыскал Байгазиева кесиптештери менен
«Ыдык көрсөтүүгө аялдар,кыз келиндер туш болот. Анан алар эч кимге айтышпайт. Иштеген мекемелеринин ичиндеги жетекчилерби же эркек адамдарбы, кошо иштешкен адамдар тарабынан ыдык көрүшөт. Мектепте деле ыдык көргөн кыздарды кездештирүүгө болот. Кыз келиндердин ыдык көрбөгөн учурлар аз кездешет».
«Харассментке каршымын!» аттуу семинар учуру
Жергиликтүү бийликтин депутаты Мыскал Байгазиева айыл жергесинде ыдык көрсөтүү, андан коргонуу, сактануу боюнча аялдар, өспүрүм кыздар арасында атайын семинарлар окутууларды уюштуруп турат. Аталган окутуу “Теңдик нуру” эл аралык демилгесинин алкагында өткөрүлүп келет.
Төлөбүбү Бополоңова
Нарын районуна карашту Оттук айылынын Аялдар кеңешинин төрайымы Төлөбүбү Бополоңова ыдык көргөн аял сөзсүз өзүн коргой турган мекемелерге кайрылуусун сунуштайт:
«Харассмент бул сексуалдык ыдык көрсөтүү. Мындай ситуациялар азыркы учурда жайма жай эле болуп калды. Ар кандай транспорттордо же мекемелерде,жумуштарда, коомдук жайларда деле кыздарыбыздарга, айымдарыбыздарга тийишип же кармалап,өздөрүнүн адепсиздиктерин көрсөтүшөт. Эгер ушундай ситуациялар болуп калса, туздөн түз эле Аялдарды колдоо борборуна, аялдар кеңешине же болбосо милицияга кайрылышы керек».
Азыркы тапта зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет. Мындай иш чараларга катышкан адамдар ыдык көргөн, зомбулукка кабылган кыз кыз-келиндерге колдоо көрсөтүп, тилектештик кылуу маанилүү экенин түшүнө башташты.
Коомдук жайлардабы же ишканалардабы, же балким мектептеби кандайдыр бир адамдын ден соолугуна, психологиясына терс таасир тийгизип жаткан учурларды,жеке чек арасына өтүп жаткан ыдык көрсөтүүлөрдү байкасаңыз анда тез арада ал адамга колуңузду сунганды унутпаңыз. Анткени, зомбулук кичине эле тамашадан башталышы мүмкүн.
Акылай Алмазбекова