Ак-Талаа районунун Терек айылында заманбап спорт залдын курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат.
Аталган спорт залдын курулушу 2015-жылы башталып, пайдубалы коюлгандан кийин каражаттын жоктугунан жумуш токтоп калган. Быйыл кариталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланды.
Терек айылынын айыл башчысы Урмат Жылтыровдун айтымында курулушу 99% аткарылып, спорт залдын алдына таш төшөө жумуштары калды. “Күздө жаңы окуу жылы менен пайдаланууга берилет. Азыр курулуштун бир тобу бүтүп, майда жумуштары жасалып жатат. Айылдагы К.Молдобосанов атындагы орто мектебинин окуучулары дене тарбия сабагын эшикте, кээде окуу бөлмөлөрүндө өтүшчү. Спорттук залдын сметалык баасы 29млн.503 миң сомду түздү. Айыл эли үчүн абдан жакшы саамалык болуп турат”,- деди.
Ошондой эле курулуш иштери “Келечек” ЖЧКсы тарабынан жасалып жатканын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова