Социалдык келишимдин негизинде жардам алып, ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан жарандардын дээрлик 95% аялдар. Алар тигүү тармагы учурда кирешелүү болуп жаткандыктан, чакан цех ачып, элге кызмат көрсөтүү менен каражат таап жатышат. Ошондой эле тамак-аш, соода-сатык менен дагы ишкерлик баштагандар жок эмес. Бирок бизнес-план түзүү, бизнести уюштуруу жана алып кетүү, каржы сабаттуулугу, өндүргөн продукцияны сатып, өткөрүү сыяктуу билимдер жетишпейт.
Айымдар конференцияда окутуулар керектигин айтышты
Мындай пикирди конференцияда бир нече айым билдирди. Алардын айтымында онлайн окуу, ар кандай каналдардан көрүп үйрөнгөндөрү менен ал ойдогудай натыйжа бербей жатат. Ошол себептүү бийлик өкүлдөрүнөн ушул жаатта окутууларды, тренингдерди уюштуруп берүүнү сунуш кылышты.
Район акими Ж.Жапаров адистер менен сүйлөшүп, бул маселени чечүүгө аракет көрүлөрүн жана каражат жагын карап берерин айтты. Мындан сырткары сүт өндүрүүчүлөр дагы баанын туруктуу болбой жатканын белгилешти.