
«Урматтуу Кызыл- Туу айыл аймагынын тургундары, биздин маалымат баракчабыз элдин купулуна толгон, эл үчүн кызмат кылган, так жана толук кабар берген эл менен ɵкмɵттүн ортосунда кɵпүрɵ болооруна ишенем.»
Таза суу маселесин чечүү: Маловодное айылы
АРИС аткарган долбоордун каржылоосу менен Маловодное айылында ичүүчү таза суу боюнча «Кайнар» ЖЧКсы оңдоо иштерин өткөрүп жатат. Азыркы учурда жумуш иштери 15% аткарылды: 2000 метр траншеясы казылды, 16 кудук казылды, 2000 метр пластик суу түтүктөрү салынды. Акча каражаты: 40 321 000 сом
Таза суу маселесин чечүү: Кызыл-Туу айылы
Кызыл-Туу айылынын Ибраимов, Алымкулов, Жумабай жана Долбоорлонуучу көчөлөрүнө таза суу түтүктөрүн орнотууга аралына 5500 метр жерин экскаватор менен казылып. Араб өлкөсүнүн демөөрчүлөрү 3000 метрге диаметри 100, 75, 50 пластик трубасы жардам катары алып берилди жана элдин салымы менен 2500 метр диаметри 70, 50 трубалары сатылып алынып ишке ашырылды. Акча каражаты: Айыл өкмөтүнү салымы -77 000 сом, Араб өлкөсү- 464 000 сом, элдин салымы — 590 000 сом
Таза суу маселесин чечүү Новое айылы:
АРИС аткарган долбоордун каржылоосунда Новое айылында ичүүчү таза суу боюнча «Жумгал-Суу Курулуш» ЖЧКсы оңдоо иштерин өткөрүп жатат. Азыркы учурда жумуш иштерин 60% аткарылды: 5100 метр траншея казылды, 28 кудук казылды, 5100 метр пластик суу түтүктөрү орнотулду. Акча каражаты: 260 000 сом
Даярдаган: Мадина Шерматова