Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында саат 08:00дө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, байкоочулар жана айыл аксакалдары катышкан, № 7232 шайлоо участогу ишин баштады. Аталган участокто 1941 шайлоочу катталган. Шайлоо участогунда санитардык эрежелер сакталып, маска жана кол кап таратылууда.
Маска жана кол кап таратылып жатат
“Шайлоо участогуна келип шайлоого катышуу ар бир жарандын парзы деп ойлойм. Кыргызстандын келечеги кен болсун. Бир боз үйдүн түндүгүндөй болуп бириккен калк жана уюткулуу эл бололу. «Ынтымак бар жерде ырыс бар» дейт. Чет жерде иштеп жүргөн жарандарыбыз эртерээк кайтып келишсин. Эл шайлаган депутаттарыбыз өлкөбүздүн онүп өсушүнө жана жаштардын келечегин ойлогон инсандар болушсун. Өлкөбүздө тынчтык болсун. Бүгүнкү шайлоо ийгиликтүү өтсүн деп тилейм”-деп билдирди Кызыл-Туу айылынын тургуну Калипа Кармышакова.
Кызыл-Туу айылынын шайлоо учурунда
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өтүп, Жогорку Кенешинин VII чакырылышына депутаттарды шайлашат. Шайлоо күнү КРсынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен белгиленген.
Айсулуу Нурматова