2153 Ооган-Талаа шайлоо участкасында шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Шайлоо мыкты түрдө өтүп, санитардык эрежелер толук түрдө сакталууда. Адамдын саны кескин түрдө көп. Шайлоочулар өздөрү каалаган талапкерлерге шайлап жатышат.
Байкоочу Анарбай уулу Элмирбек:
«Мен Анарбай уулу Элмирбек партиянын атынан байкоочу болуп отурам. Шайлоо өтүп жатат, мыйзам бузуулар болгон жок, байкаган жокпуз мыйзам бузууларды, азырынча жакшы. Ушундай эле тынч өтүп кетсе жакшы болот болчу. Силер көрүп тургандай баары мыйзам ченеминде болуп жатат. Азыр билимдүү жаштар мамлекетибизди колдоп, жолго салат деген ойлор бар, ошол себептен ушул партияны колдоп келем».
Шайлоочу Зарипа Эркинова:
«Мен Эркинова Зарипа Ооган-Талаа айылынын тургунумун. Шайлоо азыркы учурда жакшы өтүп жатат. Тартип жакшы, таза өтүп жатат деп ойлойм. Эч бир партияда келечек жок, кайсы партия өтсө деле, дагы деле ошолор барат, дагы деле ошол Кыргызстанды жейт, ушул кетирген акчаларын топтоп чөнтөктөрүн толтурат.»
Шайлоочу Сабира Асимбекова : «Мен Хасимбекова Сабира Ооган-Талаа айылынын тургуну, азыр шайлоого келдим, өзүм каалаган талапкерлерди шайлап чыктым. Шайлоо процесси жакшы, жай өтүп жатат, эми азыркы пандемияга карата ушундай болуп калды окшойт. Аралыкты сактап, маскалар менен колдорун антисептик менен тазалап, анан киргизип жатышат. Аябай жакшы, шарттарын жакшы түзгөн, шайлоо комиссия мүчөлөрү иштеп жатышат, элдер келип кетип жатышат. Азыркы чыгып жаткан 16 партиянын ичинен баарынын ойлору жакшы. Баары Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкулары келет. Мен ошолордун тилектерине кошулам. Мен да өзүмдүн каалаган партияга добушумду берип чыктым, ал да келечекте жакшы нерселерди үмүт эттирет, болот деп ойлойм, Кыргызстан өнүгөт, гүлдөйт, өсөт.»
Шайлоо процесси Ооган-Талаа айыл аймагында жакшы өтүп жатат. Ар биринин ой-пикир ар башка, бирөө келечеке ишенсе, экинчиси партияларга ишенбейт. Талапка ылайык, келбеген мыйзам бузуулар болгон жок баары толук түрдө өз милдетин аткарып жатат.
Ооган-Талаа мультимедиа борбору, Фейсбук @Gulnaz Kambaralievna атуу баракчабыздан 2153 Ооган-Талаа шайлоо участкасындагы шайлоону түз эфирин көрө аласыздар.
Аймээрим Саитжанова, Ширин Маратбекова