«Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо долбоору «Исан-Лейлек» коомдук фонддору жана ACTED уюмдары жана Баткен Айылдык Кеңеш кызматы иш жүзүнө ашырып жатат.

Долбоор Европа биримдиги тарабынан каржыланууда. Долбоор алкагында жалпы Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча Коммерциялык эмес уюмдар, коомдук бирикмелердин активдүү өкүлдөрү тандалып алынып, потенциалын жогорулатуу боюнча семинарлар өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө бешинчи жолу семинар өтүп жатат. Темасы: «Каржылык башкаруу»

«Семинар өтө пайдалуу болуп жатат. Үйгө берилген тапшырмаларды аткаруу менен өзүбүздүн уюмубуздун уюштуруу укуктук жана финансылык документтерин тактап алып жатабыз.»- дейт «Кожой-Серек» коомдук фондунун директору М. Исканов.
Кабарчы: Б. Сапаркулов