Быйылкы жылы бүткүл Кыргыз Республикасы боюнча мектеп окуучуларынын баары тандоодон утуп чыккан Кыргызстандын бирдей формасын кийишет.
Кыргызстандын бирдей формасын тандоо үчүн былтыркы жылы жай мезгилинде башталган болчу.
Бул форма үчүн тандоого көптөгөн талапкерлер катышып алардын ичинен бул форма тандалып алынды.
Бул мектеп формасы мугалимдерге да бирдей болот.1-4 клааска чейин окуучулар үчүн үстү кызыл,асты боз болот.Ал эми 5-8 класска чейин болсо асты боз,үстү кызыл.9-11 класска чейин болсо үстү боз костюм,асты кара болмокчу
Бул форма азыркы кезде дүкөндөрдө,базарларда жана башка жерлерде сатып жатышат.Жана да бул форма кээ бир мектептердин өзүнө да келет.
Ал эми азыркы кезде бул формалардын баасы базарда арзаныраак ал эми дүкөндөрдө кымбат болуп жатат.
Ал эми форма алып жетишпей калгандар өзүнүн мектебине келген формаларды сатып алса болот.
Ал эми кээ бир көп балалуу үй-бүлөлөрдө ата-энесинин акчасы жетпей калгандар көп болот.Ал эми бул үчүн кээ бир үй-бүлөлөргө жеңилдиктер болот деп ойлойбуз.
Ал эми былтыркы жылы да кээ бир үй-бүлөлөр бирдей форманы кийүүгө каршы болушкан.Себеби алар көп балалуу болгондуктан акчасы жеткен эмес.Быйылкы жылы албетте жеңилдиктер болот деп ойлойбуз.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»