Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында (13 шаар кирген) жана акыркы беш жылда үзүрлүү иштеп жаткан өндүрүштүк ишканалар үчүн Кыргызстанда биринчилерден болуп бизнести өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө жана бизнестин башка түрүн жайылтууга уникалдуу жагдай түзүлүп отурат.
Бул боюнча Сүлүктү шаары боюнча «Инвестиция, грант тартуу департаментинин» коомдук башталыштагы координатору, Кошбулак поселкалык Аймактык башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызматынын Отличниги Б. Э Сапаркулов төмөнкүдөй маалымат берди: Бүгүнкү күнү «Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишмердүүлүгүн баштап жатат, Фонд бизнес планга ылайык жылына 5-10 % өлчөмүнө!!!(Коммерц банктар 24-30%) «жылдык» насыя бермекчи. Эгерде сунушталган бизнес план талапка жооп берсе, ишкана да коюлган шарттарга жооп берип, активи күрөөдө турбаса, салыктан жана башка жактардан карызы жок болсо, беш жылдан аз эмес тажрыйбасы болсо катыша алат. Бул жаңы ишкана түзүүгө өзгөчө шарт, анткени Кыргызстандагы коммерциялык банктарда жылдык пайыздын төмөнкү чеги 24% түзөт жана тиешелүү иш кагаздарын түзүү, каттоо шарттары өтө оор. Ал эми фонддо Экономика министрлиги усулдук жардам бергендиктен иш кагаздарын жүргүзүү бир топ жөнөкөйлөнтүлгөн. Жана күрөөгө коюу шарттары да ишкерлер үчүн жеңилдетилген. Ошондой эле талаптар туура аткарылган болсо үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап ишке кирүүсү күтүлөт. Эң негизгиси бизнес идея жакшы болуусу керек жана төмөнкү чек 3 млн $ (3 млн АКШ долларынан кем эмес) башталат. Бүгүнкү күндө Сүлүктүдөгү Эң алдынкылардан болгон көмүр өндүрүүчү ишканалардын бирөөсү менен бизнес долбоордун үстүндө ийгиликтүү иштеп жатабыз.
Буйруса Инвестиция тартып жаңы ишкана түзүү максатыбыз бар. Бул боюнча Кыргыз Техникалык Университетинин Окумуштуу-илимпозунун эмгеги (патенти) пайдаланылат»- дейт Бакытбек Эркинович Сапаркулов.
Кабарчы: М. Исканов