Этинин өзгөчө даамы менен дүйнөдө бааланган бодо малдардын бири – Франциядан чыккан лимузин асыл тукуму. Анын даамдуу эти белокко бай болуусу, майынын аздыгы менен бааланат. Ал эми малдын тез салмак кошуу артыкчылыгы жана музоосунун ар кыл шартка көнүүгө жөндөмдүүлүгү малчылар арасында мактоого арзыйт.
Лимузин букалары менен уйлары адатта кызгылт-күрөң түстө болот. Анткен менен, кара түстөрү менен айырмаланган лимузиндер дагы бар. Алар абердин ангус букалары менен аргындашуудан улам келип чыккан.
Лимузин уйларынын түзүлүшү эт багытындагы бодо малдын породаларынын сүрөттөлүшүнө толук жооп берет. Бодо малдын негизги мүнөздөмөлөрү:
Лимузин уйларынын мыкты мүнөздөмөлөрү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жаңы породаларды жаратууга негиз болгон. Алардын генетикалык материалы буга чейин түптөлгөн популяциялардын өндүрүмдүк сапаттарын жакшыртуу үчүн активдүү колдонулат. Лимузин породасындагы эт даамдуулугу менен ал асыл тукум малдар арасында өз популярдуулугун кармап келет. Эт азыктарынын уникалдуу сапатынан тышкары дагы бир катар артыкчылыктары менен белгилүү. Алар:
Көбөйүү өзгөчөлүгү: табигый жол менен уруктануу, жеңил туут;
Багуу жеңилдиги: уйлар менен букаларды ар кандай тоюттарда багууга болот. Натыйжада мал эти сапаттуу болот;
Өндүрүмдүүлүгү: Лимузин тукуму тез салмак кошуудан тышкары, эт өндүрүүнүн массивдүүлүгү менен айырмаланат.
Лимузин породасындагы эт өндүрүмдүүлүгү башка асыл тукумдардай эле азыктандыруу ыкмасына байланыштуу. Интенсивдүү бордоп-багуу учурунда букалар бычылып, атайын короолорго жайгаштырылат. Мында кыймыл мүмкүнчүлүгү азайтылат. Бодо мал негизинен концентрацияланган тоют менен азыктандырылат. Малдын этинин көлөмү жана сапаты анын азыктануусунан толук көз-каранды.
Лимузин тукумундагы уйлардын сүттүүлүгү төмөнкү деңгээлде берилет. Бирок, сүттүн сапаты жогору болуп, майлуулугу 5% га жетет. Ал эми сүттүн курамындагы белок 4,3% чейин жетет.
Музоолор кичине төрөлөт. Жаңы тууттун максималдуу салмагы чанда гана 40 кг жетсе, көпчүлүк учурда орто эсеп менен 20-30 кг жакын болот. Мындан улам, Лимузин тукумунун музоолору көпчүлүк учурда аман калуу артыкчылыгына ээ.
Лимузин бодо малы суткасына 8-10 кг орточо салмак кошот. Бир жашка чыккан (14 айга чейин) букалардын салмагы 500 килограммга чейин жетет. Жакшы багылган буканын салмагы бир тоннадан ашат. Букаларга салыштырмалуу уйлары кичирээк болот. Болжол менен алар 15 айда гана 400 кг салмак кошушат. Эттин түшүмдүүлүгү адатта 65% дан жогору болот.
Бул породадагы уйлардын аталышы — Францияда бир нече кылымдан бери бодо мал өстүрүлүп келе жаткан аймактын аты менен аталган. Селекциялык ыкма менен жигердүү тандоо, аз тоют менен ири салмак кошкон малдын чыдамдуу түрүн түзүүгө багытталган. Лимузин тукумунун түпкү теги аквитан уйлары болгону айтылат. Учурда франциялык бодо мал өз алдынча асылдандырылып келет. Бул асыл тукум Австралия, Латын Америка жана Португалияда көп кездешет. Ал эми лимузиндин мекени болгон Францияда бул бодо малдын эти башка өлкөлөргө эскпорттолууда маанилүү роль ойнойт.
Голштино – фриз тукумундагы уйлар тууралуу билиңиз
Билимдүүлөр үчүн! Мал ылаңдары тууралуу тесттен өтүңүз
Касиет Кубанычбек кызы