Ысык-Кол облусунун Тасма айылында Асан Сопиев атындагы орто мектебинде 21-ноябрда “Ломоносов” таймашы откорулду. Таймашка 9-10-11 класстын окуучулары катышты.
Акыл таймашынын отушу жана максаты туралуу уюштуруучу, географ, социолог мугалими Ороз Саадабаев кененирээк айтып берди.
Сынак быйыл 3-жылы откорулуп жатат. Мындай аталышышын себеби, Ломоносов ар тараптан онуккон адам, ал матаматик, химик, геолог, географ, тарыхчы, астроном болгон. Биз ошондой эле балдардын ар тараптан онугуушун, интеллектуалдык денгээлин которуу максатында откоруп жатабыз. 1-туру ар бир класстан мыкты окуучуларды экиден тандап алып, андан кийин мектепте откозобуз. Таймаштын шарты боюнча суроолор берилет, аларга балдар ыкчам убакытта жооп бериши керек. Улам жооп бере албагандары оюндан четтелип, андан кийин таймаштын женуучусу аныкталат. “Акыл таймашына окуучулар жигердуу катышышты. Коншу Токтоян айылынын мугалимдери да келишти. Женуучуго “Жаш Ломоносов” деген Грамота берилди”, — дейт Ороз Саадабаев.
Болуп откон иш-чара туурасында мектептин окуу завучу Кундуз Шалтабаева томонкулорду билдирди:
Ломоносов атындагы сынактын мектепте отушу абдан жакшы. Балдардын интеллектуалдык денгээлин, эске тутуусун жакшыртат. Окуучулар сабака кызыгып ушундай иш-чараларга катышканга аракет кылышат. Таймаштын мектепке туздон туз пайдасы бар, себеби билим денгээли жогорулайт. Ломоносовдук турнир келе жатат дегенде балдарда алдыга дилгирленуусу пайда болот. Таймашка окуучулар катуу даярданышат жана отуп жаткан мезгилде билбей калган суроолору болсо мугалимдер жообун айтып, жаны нерсе билип алышат.
Акыл таймашта озунун билим денгээлин сынайм деген Талантбек кызы Айзада атаандаштарын артка калтырып женуучу болду. Бул туурасында ал томонкулорду айтты.
Мен бул сынакка катышканыма абдан кубанычтамын. Мен бул таймашты абдан кутком, болгон куч аракетим менен даярдангам, атаандаштарым абдан кучтуу экен.
Даярдагандар; Кубатбекова Айгерим, Бейшебаев Саламат, Амантурова Айдай