12 жаштагы Жолдошев Адилеттин өмүрүн сактап калуу максатында 21-ноябрь күнү Кошбулак поселкасында кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү.
Адилеттин бөйрөгү оорукчал болуп, аны тез арада алмаштыруу керек деп врачтар диагноз коюшту. Адилеттин энеси Айнагүл баласына донор болуп берүүгө даяр экенин билдирип, эми үй-бүлө операция чыгымдарын төлөгөнү каражат топтоп жаткан кези.
Бөйрөк көчүрүү операциясы үчүн 14 миң доллар каражат керек болот. Анын бир бөлүгүн чогултууга кайрымдуулук акция уюштуруп, Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын башчысы Бакыт Сапаркулов жардамдашып жатат.
«Акцияда 233 миң сом нак акча топтолду. Мындан тышкары жеке ишканалар Адилеттин ачылган жеке эсептик счетуна дагы акча которуп бермей болду. Баш-аягы 300 миң сом акча топтолушу күтүлүп турат. Алдын ала эсептөөлөргө караганда булл акча жетпейт. Суралган сумманын үчтөн бир бөлүгүн гана капташы мүмкүн. Андан сырткары жакын туугандары деле кайрылышабыз деп турат», — дейт Бакыт Сапаркулов.
Маалым болгондой, акция бир жума бою улантылмакчы.
Даярдаган: Гүлмира Садридин кызы