Нарын районунун Жерге-Тал айылында “Мейки” жамаатык мультимедиа борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул борбордун ачылышын айыл эли, өзгөчө жаштар кубануу менен кабыл алышууда.
Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк тарабында жайгашкан “Мейки” жамаатык мультимедиа борборунда 17-ноябрь 2014-жылы өзгөчө кубанычтуу иш чара өткөрүлдү.
Бул борбордун ачылышына атайын коноктор Бишкек шаарындагы “Самр Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин менеджери Байтемир Найзабеков, “Айыл демилгеси” коомдук Бирикмесинин Нарын обулусундагы филиалынын директору Болот Сурапов, айыл Өкмөтүнүн башчысы Шекер Жумабекова, Нарын облустук телерадиокомпаниасы. Андан тышкары айылдын активдери катышышы оздөрүнун борбордун ачылышы боюнча кыскача пикирлерин билдирип өтүштү. “Биз өтө кубанычтабыз. Аталган борбор калкты өз учурунда так маалымат менен камсыз кылуу максатында, келечекте жамааттык радио катары жыштык алып айланадагы айылдарга да кеңири маалымат бере баштайт деп ишенем” ,- дейт “Самр АЛА-ТОО” коомдук бирикмесинин менеджери Байтемир Найзабеков.
Борбордун ачылып ишке кириши айылдын өнүгүүсүнүн бирден бир багыты же булагы десек жаңылышпайбыз. “Бул чакан борбордо 11 адам үч топко бөлүнүп иштей баштады, баары буга чейин окуп билим алып келишкен окуучулар жана айылдын активдүү жаштары. Биздин борбордун келечеги кең, биз бул борбордун ачылып элге кызмат көрсөтүүсү менен айылдын өнүгүүсүнө кичине болсо да өз салымыбызды кошобуз деген ишеничтебиз”, –деп билдирди мультимедиа борбордун жетекчиси Алмазбек Өмүров.
Аталган борбор Теңир-Тоодогу массалык маалымат каражаттары менен биргеликте иш жүргүзүп, келечекте элдин ишеничине ээ болуу менен сыймыктанып, кызыгып уккан радио болот деген үмүтүбүз бар.
Даярдагандар: Алмаз Өмүров, Гулназ Исаева, Мирлан кызы Меерим, Элиза Темирбекова.