15-ноябрда Султангазиев атындагы маданият үйүндө маданият күнү белгиленди. Райондун акими Н.Молдокадыров 2-ноябрь маданият күнү Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине туш келип калгандыгына байланыштуу майрам 15-ноябрда өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, майрамдык салтанатты ачып берди.
Майрамга райондук администрация өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилер жана райондук 17 айыл аймагынын маданият кызматкерлери менен бирге, бардык айылдардын китепкана кызматкерлери, Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин жалпы эмгек жамааты, тарых музейинин, басма сөз кызматкерлеринин катышуусу менен өттү. Майрамдык кечеде «Жылдын мыкты клубу», «Жылдын мыкты китепканасы» аныкталып, маданиятка салым кошуп келе жаткан мыкты кызматкерлерге грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылып, жакшы каалоо-тилектер, куттуктоолор менен коштолду. Бул майрамдын урматы сый тамак уюштурулуп, ыр-бий, кызыктуу оюн зоок менен уланды.







Даярдаган: Аймырза Муктарова