Чодуев Урмат- Орок айыл өкмөтүнүн башчысы-
“Мектептеги болгон иш чара 9-май ата-бабабыздын, биз тынчтыкта жашасын деп алып келген күнүнө арналды. Жеңиш күнү- чоң майрам биздин айылдын мектебинде жакшы деңгээлди өттү. Окуучулар иш чарага абдан жакшы даярданышыптыр.Бул күнү өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын жаткан жери жайлуу болсун деп куран окутууну да унутпашыбыз керек. Себеби бизди ушул жыргал жашоодо жашасын деп кан төгүшкөн. Эртеңки майрамыбыз кут болсун”- деп оюн билдирди.
Самаркулова Асель башталгыч класстын завучу-
«Биздин башталгыч класстын окуучуларынын арасында сүрөт сынагы, спортук мелдеш, параддан өтүү, чоң класстын окуучулары көркөм окуу, сахна, ыр- бий коштогон концерттик программа даярдап майрамдык иш- чаралар өтүлдү. Максатыбыз 9- май Жеңиш күнүн тарыхын окуучуларга патриоттук тарбия берүү менен жеткизүү. Майрамга айыл өкмөтү, ата- энелер келип катышып өз каалоо- тилектерин айтышты,»- деп өз оюн айтты.
Дыйканалиев Бактугул- Орок айылдык кеңешинин төрагысы-
Бүгүнкү силердин уюштурган майрамыңыздарга келип, абдан ыраазы болуп жатам. Динара Джолдошбековнага, мугалимдер жамаатына миң ирэт рахмат. Согушта курман болгон ата-бабаларыбызды эстеп, жашынакай окуучулардын концерттин уюштуруп бергениңерге чоң ыраазычылык билдиребиз кеңештин атынан. Ошол учурда 20 миллиондон 40 миллионго чейин согушта курман болгон жоокерлер ушул жакшылыкка жеткирген мына ошолордун элесин унутпай жүргөнүңүздөргө рахмат. Ушундай иш-чараңарды такыр таштабагыла жана силерге колубуздан келген жардам беребиз. 9-май майрамыңар менен кутуктайм асманыбыз ачык болсун жана согуш болбосун, элибизде тынчтык болсун, токчулук болсун балдарыбыз дайыма бактылуу жашасын, карыларыбыз бактылуу карылыкты көрсүн»- деди ал.
Боромбеков Айдар аксакал сотунун төрагасы-
«9-майды дайым жылда эскерип туруш керек ушундай жашообузду, ушундай турмушту алып келген чоң аталарыбызды унутуп коюш болбойт. Булардын баарын эстеп эскерип, керек болсо стенд уюштуруп кайсы кишилер согушкан, кайсы жерде согушкан эч ким билбейт. Согушка катышкандарды эскерип жүргүлө алар кандай силерге иш кылган, кантип ушул жашоого келдиңер окуучулар эсинерден чыгарбагыла. Бул бүгүнкү иш-чара абдан жакшы кичинекей класстын окуучулары катарга басуу кылып, ыр ырдашты -бардыгы абдан жакшы»- деди ал.
Даярдаган: Асел Эркинбекова