Манас Эл Аралык аэропортунун туунду компанияларынын бири «Манас Менеджмент Компаниясы» ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгиледи.
«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана «Манас Менеджмент Компаниясынын» Бортто тамактануу борборунун директору Чолпон Алымкулова
«Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАК курамына учактарды эффективдүү жана өз убагында тейлөө үчүн бардык керектүү адистештирилген жабдуулар менен жабдылган аба жүктөрдү жана учактагы тамактануу тейлөө борбору кирет.
«Манас Менеджмент Компаниясы» Эл аралык Ишкерлер кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Жарандык авиация ишканаларынын Юридикалык жактардын Ассоциациясынын толук кандуу мүчөсү, жана “ISO 22000” эл аралык сапат стандартынын сертификатынын ээси.
Аталган иш чарада «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Анда төрага «Манас Менеджмент Компаниясынын» кызматкерлерине кесиптик компетенттүүлүгүнүн, чыгармачылыгынын жана өнүгүүгө болгон тынымсыз умтулуусунун аркасында таасирдүү бийиктиктерге жетишкени үчүн ыраазычылык билдирди
Маалымат Манас Эл Аралык аэропортунун өздүк баракчасынан алынды