Кант диабети уйку бездердин сезгенишинен пайда болот. Уйку бездердин куйрукча жагында бетоклетка бар, уйку бези сезгенгенде, бетоклеткалар жабыркап шишийт. Бетоклеткалар жок калганда инсулин иштелип чыкпай калып кант диабети пайда болот. Көбүнчөсү алкоголдук ичимдикти көп колдонгондор ооруйт.
Бул оору тууралуу Кочкор районунда караштуу Кара-Суу айылындагы № 11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Елена Абиева төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Кант диабети көбүнчө чоң адамдардын арасында көп кездешет, жаш балдар өтө сейрек оорушат. Бул ооруга чалдыккан адамдар диета менен жүрүш керек, ай сайын текшерүүдөн өтүп туруу керек. Бутун күнүгө жылуу суу менен жууп туруш керек, себеби согончоктору жарылып кетет. Дарыгердин көзөмөлүндө болуп, дары-дармектерди учурунда ичип туруш керек. Таттуу нерселерди аз жеш керек. Кант диабети өтө коркунучтуу оору, ал оорунун себебинен көздүн көрүүсү жана эс-тутум начарлайт. Кант диабетинин пайда болушунун себептери абдан көп.
Алар: тукум куучулук, стресске түшүү, катуу коркуу жана сүйүнүү, ошондой эле спирт ичимдиктерин көп ичүү болуп саналат. Бул оорудан сактануунун негизги жолдору- сергек жашоо образын алып жүрүү жана ичимдиктен алыс болуу».
Элдана Калчаева, Нурай Калыгулова