Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жаңы хирургия бөлүмү ачылып, жакында эле жаак бетиндеги шишикке операция жасалып, алынды. Суусамыр айылдык ооруканасында буга чейин хирургия бөлүмү болгону менен, тиешелүү адистин жоктугунан операция жасалбай келген.
Кокус хирургиялык жардам керек болсо, борбор калаага барууга туура келген. Бул жергиликтүү тургундарга өтө ыңгайсыздыкты жаратып келген. Бөлүмдүн ачылышы менен Суусамыр айылдык ооруканасында бир катар жеңил операциялар жасалып, бирок тиешелүү шаймандардын жоктугунан улам тобокелчилик менен иштөөгө мажбур.
Азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы, ал дарыланууну бүтүргөн соң үйүнө чыгарылды.
Хирургиялык бөлүмдүн ишке кириши менен бирге Суусамыр айылдык ооруканасында анализ тапшыруунун дагы мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Башкача айтканда эгер келген оорулуулар гемоглобин гана тапшырып, калган керектүү анализдерди тапшыруу үчүн борбор калаага барса, эми хирург Эрмек Төлөмүшов, өз аракети менен анализ тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңейтти. Башкача айтканда эми ар кандай инфекция, ичегидеги курт, жалпы кан анализин дагы тапшыра алышат.
Эрмек Төлөмүшов (хирург, уролог)
Айтурган Кушкарбекова