Медиа сабаттуулук семинарынан жашообузга керектүү көндүмдөрдү үйрөндүк. Мындай пикирлерин Жаңы-Жер айылында өткөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынын катышуучулары билдирди.
Ушул жылдын май айында Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында медиа маалыматтык сабаттуулук аталышындагы семинар болуп өткөн. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар жана шайлоо, Баш мыйзам, сынчыл ой-жүгүртүү тууралуу маалымат алышкан. Жергиликтүү тургундар үчүн окутууну Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Жаңы-Жер жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн.
Төмөндө семинардын айрым катышуучулары медиа сабаттуулук көндүмүнүн аларга тийгизген тассири тууралуу ой бөлүштү.
Динара Абакова: “Медиа сабаттуулукка арнлаган семинарда шайлоо тууралуу кеңири маалымат ала алдым. Анткени, мурда шайлоого анчейин маани берчү эмесмин. Шайлоо болот деп жатканда барсамбы же барбай эле койсомбу деген эки ойдо болчумун. Себеби, шайлоодон кийин жашообузда жаңы өзгөрүүлөр болооруна ишенчү эмесмин. Шайлоого барып, добуш берсек деле, бары бир шайлоо адилеттүү болбойт деп ойлочумун. Семинарда Баш мыйзам, шайлоо, фейк маалыматтар тууралуу кеңири маалымат беришип, тренерлер биздин аң сезимибизге өзгөрүү жасай алды деп айта алам. Шайлоо маалында дагы шайлоочулардын көптүгү, тынч өтүп жатканы менен эсте калды. Бул шайлоо кудум майрам сыяктуу сезилди”.
Абдыхофис Бердикулов: “Медиа сабаттуулук семинарында биздин жашообузга керектүү көндүмдөр көрсөтүлдү. Мага абдан жакканы сынчыл ой жүгүртүү жана фейк маалыматтарды аныктоо дегендер болду. Өзгөчө шайлоо учурунда көп фейк маалыматтар чыгат эмеспи. Мурда мен деле көп маалыматтарга ишенчүмүн. Ал тургай алган маалыматтарды кайра тааныштарыма социалдык медиада бөлүшчүмүн. Талапкерлердин манипуляциялык үгүт иштерин деле түшүнө берүүчү эмесмин. Жакында болгон жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо өзүмдүн чечимим менен барып шайлоого катыштым”.
Гүлбарчын Алиева: “Медиа сабаттуулук семинарына катышканымдан кийин мен фейк маалыматтардын бар экендигине толук ынандым. Шайлоо алдындагы депуттаттардын убадалары жөн эле манипуляция экен. Мына ошол үчүн сынчыл ой жүгүртүү керек экен. Ушундай семинар, тренингдер элге көбүрөөк өткөрүлүп турса жакшы болмок. Бул маалыматты болгону 50-60 киши гана алды. Ал эми бүт айыл эли маалымат алса кандай жакшы. Мисалы, жеке өзүмдө шайлоого карата оюм абдан өзгөрдү. Мурда бул партияны шайлайм деп жатып, аз калганда жалган маалыматка ишенип башка партияны шайлап салган учурларым болгон. Эл айтса, интернетте тарап жатса ишенет экенсиң. Көрсө, медиа сабаттуу болуш керек экен”.
Улан Давлетов: “Өткөндөгү семинардан кийин мен шайлоого бардым. Мурда кааласам барып же көпчүлүк учурда барбай деле койчумун. Мага өзгөчө таасир бергени манипуляциялык иш аракеттердин жүрүшү, фейк маалыматтарды таратуу, опоненттерди каралоо боюнча айтылгандар болду. Фейк маалыматтарга мен ишенбейм, бирок элдин көбү ишенет. Ошонун айынан шайлоо бизде таза өтчү эмес. Бул жолу шайлоого айыл тургандары өз каалосу менен барды деп ишенем. Анткени, мурунку шайлоодон айырмаланып үгүт иштери, жер жайнаган плакаттар илинип, ар жерде элдин чогулганын байкаган жокмун. Айылда шайлоо тынч өттү. Жаңы-Жер жамаатык медиасы өткөргөн семинардын түздөн-түз буга таасири болду деп эсептейм”.
Белгилей кетсек, медиа маалыматтык сабаттуулук семинары Кыргызстандын 22 айыл-районунда жүзөгө ашты. Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы