«Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары 8-сентябрь күнү Нарын шаарындагы Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери менен жолугушуп, «Соң-Көл баяны» аталышындагы подкаст даярдоого материал топтошту. Аны менен катар облустук деңгээлде чыгып жаткан Теңир-Тоо гезитинин редакциясы менен жакындан таанышып келишти.
«Соң-Көл» жамааттык мультимедиалык борборунун ыктыярчылары Медина Максат кызы, Умтулай Асаналиева, Айпери Марлес кызы «Соң-Көл баяны» аттуу кичи долбоордун негизинде даярдалып жаткан подкаст форматындагы маалымааты даярдоо үчүн Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери менен жолугушууга барышкан. Жолугушуу учурунда ыктыярчылыр корук тууралуу толук маалымат алышып, андан сон маектешүүгө өтуштү.
Маалыматты топтоонун максаты, медианын ишин алга жылдыруу, коруктун кызматкерлери менен ар тараптан иш алып баруу жана эң негизги максаты угармандарга Соң-Көлдү көздүн карегиндей сактоо керек экендигин жеткирүү болгон.
Бакыт Чороев Каратал-Жапырык коругунун директору болуп көп жылдан бери кызмат кылат. Бүгүнкү барган иш сапарда, директор ыктыярчыларды жылуу кабыл алып, босогодогу маалымат тактасы менен тааныштырды. Андан соң коруктун кызматкери Айнура Асанова ыктыярчыларга Соң-Көлдүн био ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча маалымат берди. Ыктыярчылар бул жолугушууда Соң-Көл тууралуу толук маалымат алышып, керектүү материалдарды толугу менен топтой алышты.
Каратал-Жапырык коргуну кызматкерлери менен даярдалган материал 6-сериядан турган подкаст форматында «Соң-Көл баяны» аталышында социалдык тармактарда чыгып турмакчы. Бул долбоордун туруктуулугун сактоо максатында бул берүү ай сайын Соң-Көлгө байланышкан уламыштар,легендалар,ырлар жана башка темалар менен чыгып турмакчы.
Андан соң, ыктыярчылар тажрыйба топтоо максатында Нарын облустук коомдук-саясий гезит болгон Теңир-Тоо гезитинин редакциясынын кеңсесине экскурсияга барышты. Ал жактан Нарын облустук медиаборборунун башкы директорунун гезит жана сайт иштери боюнча орун басары Максат Абракунов менен маектешип, материал даярдоонун айрым сырлары тууралуу маалымат алышты. Гезит жумасына бир жолу облус жаңылыктары менен чыгып турат. Ыктыярчыларды Максат Абдракунов гезитке Төлөк айылындагы олуттуу материалдарды жарыялап туруу үчүн кызматташууга чакырды.
Жолугушуу соңунда Максат Абдракунов гезиттин кабарчылары, дизайнери, редактору менен тааныштырып, гезит кандай жолдор менен даярдалаарын түшүндүрдү жана аталган кызматкерлер кандай иш алып барышат ал тууралуу да маалымат бере кетти.
Бурул Майрамбек кызы