Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунунун, Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин китепканасына, Ырыскелди Исмаиловдун демилгеси менен жалпы 73 китеп белекке берилди.
Жаштардын билим алуусуна салым кошкон, алардын келечеги ийгиликтүү болсо деп тилеп жана жардамын көрсөткөн адамдар арабызда бар экенин Ырыскелди Исмаилов далилдеди. Ырыскелди телефон аркылуу байланышка чыгып, “мен Кочкордо окугам, ошол кезде Чолпон айылындагы интернатка зыяратка бардым эле”-деп, интернат жабылгандан кийин окуучулар кайда кеткенин кызыгып сурады.
Өзү азыркы учурда Кипр аралында тургандыктан, китептерди Ырыскелдинин атынан басмакана жеткирип берди.
Алар окуучуларды ойлондуруп, ийгиликке шыктандыра турган, дүйнөлүк адабияттын китептери. Ийгиликтүү адамдардын өмүр таржымалын баяндаган төрт китептен турган «Эмне үйрөнө алам?» китептер топтому, “Мен Малала”, «Момо», «Икигай», «Креативдүү болгум келет» ж.б. китептер бар.
Белекке келген китепти ачып жатышат
Китепканачы китепти өткөрүп алууда
Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин директору Айдарбеков Дайырбек төмөндөгүлөргө токтолду:
«Учурда бизге 19 түр аталыштагы 73 кызыктуу китептер келип отурат. Бул китептерди Ырыскелди мурда биздин Чолпон айылдык интернатына келип кеткендиктен, бул дем — күч берүүчү, мыкты мотивациялар камтылган китептерди аларга берүүнү туура көргөн. Бирок, интернат жабылып калганына байланыштуу, мектептин китепканасына тапшырды. Ырыскелдиге мындан аркы иштерине албан — албан ийгиликтерди кааламакчымын, ар дайым ушундай жаштарды колдоп, кайда жүрбөсүн, ийгиликтер коштоп жүрсүн. Жалпы коллективдин жана окуучулардын атынан терең ыраазычылык билдирем!
Корчубек Акназаров орто мектебинин китепканачысы Гулжан Шаршеева
Китепканачы Гулжан Шаршеева: Мектептин китепканасында эмгектенип келем. Азыркы учурда абдан кубанычта болуп турабыз, анткени абдан сонун китептер келип жатат. Окуучулардын билим деңгээлин жогорулатып, өзүнө болгон ишеничин күчөтүүгө жардам берет деген үмүттөбүз. Ал эми Ырыскелди Исмаиловго чоң ыраазычылык билдиребиз. Эми ушул китептирдин баардыгын кызыгып окуган окуучуларга окутканга аракет кылабыз.
Корчубек Акназаров орто мектебинин 9-классынын окуучусу Чолпонбек уулу Кайрат: Мектебибиздеги окуучулардын баардыгы бул китептердин келишине абдан кубанычтабыз. Ушул сыяктуу китептер биздин жашообузга керек деп ойлойм. Ал китептердин жардамы менен келечекке жетебиз деген үмүттөбүз. Мен өзүм китептерди көп окуйм, келечекте математика сабагынын мугалими болгум келет. Сиздерге дагы китепти көп окугула деген кеңешимди берем.
Азыркы күндө китепканалар аз каржылангандыктан окуучулар кызыгып окуй турган китептер аз. Бул китептердин келиши окуучуларды абдан кубандырды. Ырыскелдиге мектептин коллективи тарабынан ыраазычылык билдирип кетебиз. Эмгеги бекер калбай, окуучулар китепти окуп, жашоодо максаты бар, билимдүү, маданияттуу, келечеги кең жаштардан болушун каалайбыз. Жана бул саамалык кийинки муунга үлгү катары каларына ишенебиз.
Гулира Сатарова, Малика Жумабекова, Аяна Аскарова