Ак-Талаа районунда жайгашкан ОРто-Сырт өрөөнү Түштүк батышынан Арпанын Ала-Тоосу, Түштүк- чыгышынан жана чыгышынан Калкагар, Ойнокжар, Аксарай, түндүгүнөн Байбиче, батышынан Төө куйрук тоолору менен чектешет.
Орто-Сырт өрөөнү тарыхый жерлерге бай. Ар бир тоосунун аталышы, тарыхы бар. Баетов айылынын тургуну Токтоналы Дегенбаев айрым уламыштарды айтып берди.
«Чоң-Үңкүр деген жерге атча киши жөн эле чаап кире алчу. 500 жакын кой батчу илгери. Анын жанында Кара-Үңкүр деген жерди сырдуу, керемет бар деп айтышат. Ал жерде таш доорунда адамдар жашаган деген уламыш бар. Үңкүрдүн т ор жагына барганда оттук таш күйбөйт. Атам чабан кезде көп барчу элем. Оозу кууш, төр жагы кенен. Төр жагына эч ким бара алчу эмес. Ар кандай үндөр чыгат касиеттүү дешчү. Анда мен бала элем дейт.
Барчын Мамытбекова