Акциянын алкагында «Соң-Көл» жамааттык мультимедиалык борбору тарабынан 9-сентябрь күнү «Соң-Көл баяны», «Соң-Көлдү сактайлы!» аталышында чакан баракчалар даярдалып, айыл тургундарына таратылды.
«Соң-Көл» жамааттык мультимедианын 8 ыктыярчысы «Соң-Көл баяны», «Соң-Көлдү сактайлы!» аталышындагы чакан баракчаларды (брошюра) даярдашып, айыл тургундарына түшүндүрүү иштери менен таратып келишти. Баракчага Соң-Көл тууралуу маалыматтар жазылып, андагы айрым сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр, канаттуулар, балыктар тууралуу да маалыматтар камтылган. Баракчаны чыгарып, таратуунун негизги максаты Соң-Көлдү сактоо болгон.
Баракчаны даярдаган ыктыярчылар
Маалыматтар камтылган баракча
Көлдү сактоого чакырган баракча
Баракчаларга кызыккандар көп болду
Маалымат ыктыярчылар тарабынан кошумчаланып жатты
Кызматкерлер да баракча менен таанышышты
Соң-Көлгө бара жаткандар да баракчага ээ болушту
Жайыт пайдалануучуларга бул кызыктуу болду
Айрымдары бул үчүн кубанып жатканын жашырган жок
Баракча үчүн төрага да абдан ыраазы болду
Сырттан келгендер да маалымат менен тааныш болушту
Жер адиси да бул маалыматтарга ыраазы болду
Баракча үймө-үй таратылды
Бурул Майрамбек кызы