14-май күнү Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинде бүтүрүүчү класстар үчүн тренинг болуп өттү.
Тренинг аталган орто мектебинен билим алып кеткен «Суусамыр жаштары» деген аталыштагы бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулуп келечекте туура кесип тандоо боюнча кеп кеңештерин айтышты.Тренингдин максаты тууралуу уюштуруучу Керемет Ачыкова төмөндөгүлөргө токтолду:
» Тренингдин негизги максаты окуучулардын туура кесипти тандап жана убакытты туура пайдаланышына өбөлгө түзүү.Аларга аз да болсо пайдалуу кеңештерди берип өттүк.Азыр ойлоп көрсөк биз бүтүп жатканда мындай тренингдер жокко эсе эле.Дал ушундай тренингдерге муктаж элек.Анан биз «Суусамыр жаштары» чогулуп ушул идеаны ойлоп туура көрүп келип отурабыз.Мындан кийин дагы тренинг,семинарларды уюштуруп турсак деген оюубуз бар.»
Тренинг 8-11 класстар арасында өткөрүлүп, 11-классынын окуучусу Сезим Азимжанова:
«Бул семинардан өзүмө пайдалуу, жакшы кеңештерди ала алдым.Кесип тандоонун алдында абдан жакшы өбөлгө болду окшойт.Тренингден алган билимимди башкаларга да таратканга аракет кылам.»–дейт.
Тренингден алган билимди колдонуп, келечекте пайдалуу кесип тандоо ар бир окуучунун өзүнүн колунда.
Даярдаган:Зыйнат Самарбек кызы