Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкек шаарындагы өкүлдөрү Урманбетова Зарина жана Аида Тынычбекова Үч-Коргон айылынын улуу муундагы өкүлдөрү менен маек курду. Маекте жалаң гана жаштардын маселелери жана көйгөйлөрү, жетишкендиктери тууралуу пикир алмашышты.
Үч-коргондо жаштардын үй-бүлө куруусу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Иш-чарага аталган айыл аймакка кирген айыл башчылары катышты.
Сүйлөшүүдө жаштардын эрте турмушка чыгуусунун жыйынтыгы, тажик жана кыргыз улуттарын бир бирине болгон мамилеси, улан кыздардын окуусу жана башка маселелер тууралуу талкуу жүргүзүлдү.
«Кыз балдарды окутуу керек. Анткени уулум менен кызымдын бирөөсүн окутканга аалым жеткенде мен кызымды тандайт элем. Кыз ата-энесинин аманаты, ал турмушка чыккан жеринде да пайдасы тийиши керек», — деген пикирин айтты айыл депутаты Джора Норматов.
«Мен өзүм окуганга үй-бүлөлүк шартым жок болуп калган. Ошол себептен балдарымдын баарысын жогорку билимдүү кылып окуттум», — деди жергиликтүү айыл өкмөттүн депутаты Махсудов Рустам.
Махсудов Рустам кошумчалагандай, улан-кыздарды окутуш керек бирок, аларга иш жок болуп бекер көчөдө жүрсө пайда эмес, зыян алып келет.
Даярдаган: Ажимамат кызы Жаңылай
Сүрөттүн автору: Сабыр уулу Шумкарбек
Сынак үчүн
КМ