Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылындагы мектепте көрктөндүрүү иштеринин пландык этабы уланууда. Агартуу министрлигинин №5-3/843 сандуу катынын негизинде, өлкө аймагында жарыяланган эки айлык ишембиликтин алкагында мектепте жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.

14-марттан 16-майга чейин улануучу тазалоо өнөктүгүнө мектептин мугалимдери жана техникалык кызматкерлери активдүү катышууда. 4-апрелде өткөрүлгөн кезектеги ишембиликте негизги көңүл мектептин ички аймагын тазалоо менен катар бак-дарактарды кароого бурулду.

Аткарылган иштер:
• Мектеп короосундагы алма, алмурут жана өрүк бактары буталды
• Дарактардын түптөрү жумшартылып, арыктар тазаланды
• Аймактагы таштандылар чыгарылып, санитардык абалы жакшыртылды

Адистердин айтымында, жазгы бутоо иштери бак-дарактарды жашартып, мөмөнүн сапатын жана түшүмдүүлүгүн жогорулатат. Мындай иш-чаралар тазалыкты камсыз кылуу менен катар мектептин жашыл мурасын сактоого жана окуучуларга экологиялык тарбия берүүгө өбөлгө түзөт.

Учурда мектеп аймагын көрктөндүрүү боюнча белгиленген пландык иштер улантылууда.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.