Токтогул районунда мектеп окуучулары арасында баскетбол боюнча райондук этаптагы мелдеш өткөрүлдү. Спорттук оюндар Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин спорт залында уюштурулду.

Мелдеште Нургазы Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын уландар командасы мыкты оюн көрсөтүп, чемпион аталды. Ошондой эле аталган мектептин кыздар командасы да биринчи орунду камсыз кылды. Жеңүүчү командалар эми облустук мектеп лигасында райондун намысын коргомокчу.

🏆 Мелдештин жыйынтыгы:
Уландар:
🥇 1-орун — Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы (Токтогул ш.)
🥈 2-орун — Коргол атындагы орто мектеп (Чоң-Арык айылы)
🥉 3-орун — Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп (Токтогул ш.)
Кыздар:
🥇 1-орун — Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы (Токтогул ш.)
🥈 2-орун — М.Нургазиева атындагы орто мектеп (Үч-Терек айылы)
🥉 3-орун — Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп (Токтогул ш.

«Бул мелдештер акыркы жылдарга салыштырмалуу райондогу баскетболдун деңгээли кыйла өскөнүн көрсөттү. Көрүүчүлөр үчүн кызыктуу жана курч беттештер өтүп, өзгөчө кыздар командалары жакшы оюн көрсөтүп, жагымдуу таасир калтырды. Бардык катышуучуларга ийгилик, ал эми алдыдагы облустук этапта жеңиш каалайбыз» дейт Бакыт Чакиев
Мелдештин уюштуруучуларынын айтымында, акыркы жылдары райондогу баскетболдун деңгээли кыйла жогорулап, оюндар курч жана кызыктуу өттү. Өзгөчө кыздар командаларынын активдүүлүгү көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырды.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери Токтогул райондук билим берүү бөлүмү тарабынан кубок жана дипломдор менен сыйланышты. Мелдешти Токтогул райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби уюштурду.
Даярдаган: Азема Кудуева