Токтогул районуна караштуу Саргата айылынын тургуну Айзада Сыдыгаалиева — көп кырдуу талант ээси. Ал мектепте информатика мугалими болуу менен бирге, учурда декреттик өргүүдө экенине карабай, тай бокс боюнча машыктыруучулук кызматын аркалап келет. Айзада спортто чоң ийгиликтерди багындырып келет, ал тай бокс боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону жана ММА боюнча спорт чеберчилигине талапкер.


Айзада 1993-жылы 31-майда Саргата айылында туулган. И. Арабаев атындагы университеттин информатика адистигин аяктаган. Спорт дүйнөсүнө 23 жашында кадам таштаган. Анын бул тандоосуна келечекте күчтүү жана ден соолугу чың эне болуу каалоосу себеп болгон. Бүгүнкү күндө ал үч баланын мээримдүү апасы жана бош убактысында сулуулук тармагында да эмгектенет.

Көптөгөн мелдештерде жеңишке жетишкен Айзада үчүн ар бир ийгилик — бул талбаган эмгектин үзүрү. «Жеңилүү — бул чоң сабак, эң башкысы — эч качан багынбоо керек» деген принцип менен окуучуларын машыктырып келет. Анын шакирттери да ар кандай мелдештерде алдыңкы орундарды камсыз кылууда.

«Келечекте көптөгөн чемпиондорду тарбиялап, өзүнө ишенген, ден соолугуна кам көргөн муунду өстүрүүнү каалайм. Жаштарга айтарым: дайыма өзүңөргө ишенгиле, ар бир адам өз жашоосун өзгөртө алат. Негизги убактымды үч балама арнайм, анткени алар менин мотивациям, күчүм жана жашоомдун маңызы», — дейт Айзада Сыдыгаалиева.

Тай бокс (муай-тай)-Тайланддын улуттук спорт түрү. Спорттун бул түрүндө муштум, чыканак, тизе жана шыйрак менен сокку урууга уруксат берилет.
Даярдаган: Азема Кудуева