Мындан туура 16 жыл мурун адилетсиз бийликке каршы көтөрүлүп, өлкөнүн келечеги үчүн жанын берген мекендештердин элесине таазим кылуу максатында уюштурулган иш-чарага район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгү Апрель революциясынын баатыры, Токтогулдун кулуну Жанышбаев Апсаматтын эстелигине гүл чамбар коюу менен башталды. Маркумдун урматына атайын залп атылып, андан соң революция учурунда курман болгон жалпы баатырларга багышталып куран окутулду. Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Акылбек Тюкебаев, шаар мэринин орун басары Тахмина Дарманова жана райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыржан Молдоказиев катышып, сөз сүйлөштү.
7-апрель окуясы кыргыз элинин тарыхында өзгөчө орунга ээ, ал күн оор жоготуулар менен коштолгонуна карабастан, элдин эркиндикке болгон умтулуусун жана биримдигин айгинелеген күн катары калат.

«Апрель баатырларынын каны текке кетпеши керек. Бул күн биз үчүн сабак жана келечекке болгон жоопкерчилик. Мындан ары өлкөбүздө мындай каргашалуу окуялар кайталанбасын, жалаң гана өнүгүү жана тынчтык болсун», — деп билдирди аким Акылбек Тюекбаев.

Иш-чаранын соңунда аким Акылбек Түкөбаев жана мэрдин орун басары Тахмина Дарманова баатыр Жанышбаев Апсаматтын үйүнө барышты. Алар маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл айтып, ал-жайын сурап, куран окушту. Жергиликтүү бийлик мындай үй-бүлөлөргө ар дайым көңүл бурулуп, тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн баса белгилешти. Апрель революциясы — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине жана демократиялык баалуулуктардын орношуна жол ачкан маанилүү тарыхый бурулуш катары эл эсинде сакталат.
Даярдаган: Азема Кудуева