Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында 6-апрель күнү райондун башчысы-аким А. Тюкебаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду.

Кабыл алуу учурунда райондун тургундары айыл чарба, электр энергиясы, ишкерлик жана башка социалдык маселелер боюнча кайрылышты. Ар бир жаранга тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы көзөмөлгө алына турганы белгиленди.

Райондун тургундары белгиленген графикке ылайык жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышат.

Жарандарды кабыл алуу графиги:
— Аким А. Тюкебаев – ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин
— Биринчи орун басары А. Т. Асанов – ар шаршемби күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин
— Орун басары К. Аттокуров – ар бейшемби күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин
— Аппарат жетекчиси Э. Апит уулу – ар жума күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин

Коомдук кабылдаманын ишенимдүү байланыш телефон номери: 03747 5-00-63.
Даярдаган: Азема Кудуева