Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Адилет Карасартов атындагы сейил бакта 7-апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерүү иш чарасы өттү.Ага бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө, алгач элдик революциянын баатыры Адилет Карасартовдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, ага багышталып куран окулду. Андан соң, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан 7-апрель окуясын сахналаштырылган чакан сценка коюлуп, көркөм окуулар айтылып, мекенчилдик ырлар аткарылды.


Эске салсак, 2010-жылы 6-апрелде Талас шаарынан башталган элдик толкундоолор, 7-апрелде бардык өлкөнү кучагына алган. Кандуу окуя катары тарыхта калган бул күнү бийликтин куралдуу куугунтугунан 100гө жакын адам өлкөнүн эртеңи үчүн жан берген.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова