Барскоон айылындагы Кендирбаев мектебинин китепканасы мектеп ачылгандан бери иштеп келет. Китепкана акыркы жолу 2018- жылы оӊдоп түзөө иштеринен өткөрүлгөн. Мектеп китепканасында окуучулар окуй турган кызыктуу китептер жок жана жада калса ушул күнгө чейин эски орфографиялык эрежелер колдонулуп келет. 10 жылдан ашса дагы мектеп китепканасындагы китептер жаӊыртылбай келгендиги туралуу китепканачы Алмагүл Рабаева төмөнкүлөрдү айтып өттү.

«Мектеп китепканасында атайын балдар үчүн китептер бар бирок аз санда. Экологиялык Алиппе, антология китептери бар. Бир күндө жыйырма-жыйырма беш окурман келет, алардын ичинен жети сегизи гана жаӊы калгандары мурунку келип жүргөндөр. Көбүнчөсү эле башталгыч класстын окуучулары келет. Демөөрчүлүк тараптан Кумтөр тараптан 10-11 класстар үчүн тесттерге карап берип атышпайбы көбүнчө чоӊ класстарды карайт ал, балдар үчүн жомоктор жок деп мен аларга да кайрылсам 25-30 чакты жомок китептерин алып келип беришти».
Мектеп китепканасында китептер жетишсиз мындан тышкары да көркөм окуу китептери да жок. Мектептин «Келечек» өкмөтүнүн мүчөсү Бек Кубанычбеков Чыӊгыз Айтматовтун китептерине кызыга тургандыгын жана ал китептер китепканасында жок экендиги тууралуу буларга токтоло кетти:

«Мен айтсам мектептин китепканасында көбүнчө көркөм адабият китептери жагат. Мисалга алсак, Чынгыз Айтматовтун повестилери. Азыркы убакта биздин китепканада китептер жетишсиз деп ойлойм. Жогорку жактан китептериди алып бизге алып келсе жакшы болмок деп ойлойм».
Мектеп убактысынан кийин бала ата-эненин колунда болот. Колу бош болгон убакта балдарын китеп окууга кызыктыруу менен алектенип келген айыл тургуну Жыпар Карыбай кызы, кечинде балдары жомок окуп бермейинче уктабай тургандыгын айтып берди:

«Биз үйдөн балдарды китепке кызыктыруу жагынан балдарымды жакшы карайм да. Биринчи анан Наристе класстарында окуган кыздарым кечинде мен жомок окуп бермейинче укташпайт. Сегизинчи класста окуган кызым акыркы жолу Айкөл Манас баяны деген Манас эпосунун кара сөз менен жазылган китеп окуп чыкты да. Окуп чыгып айтып жатпайбы, эне аябай кызыктуу экен, сонун экен эми ушунун Семетейи барбы кара сөз түрүндөгүсү деп аябай ушуга кызыкты да. Азыр биздин мектепте китеп менен камсыз болуу жагы мен ата-эне катары айтаарым аябай эле жакшы болуп калды. Мына 5-6 класстарга жаӊы китептер келип жатат. Бирок ошол эле учурда төмөнкү класстарда китептердин жетишсиздиги байкалып жатат. Өкмөт ушул жагына дагы басым жасайт деп ойлойм».
Келечек жаштардын колунда демекчи китепти көп окуса өз билим деӊгээлин жогорулатат. Эшманбет Кендирбаев орто билим берүү мектебинде жалпысынан 1256 окуучу окуйт.
Даярдаган: Назик Казиева, Эрлан Абласов