Мектеп окуучулары карылардын үч айлыгы жарыяланганынан тартып «Карылардын кадырын барктайлы» деген ураан менен айылдын улгайган тургундарына жардам берип жатышат.
Карылар болсо окуучулардын жардам бергенине ыраазычылыгын билдиришти.
«Бактылуу, өмүрлүү болгула! Жакшы окуп, илимдүү, билимдүү уул-кыздардан болгула!»,—деген батасын берди Канимет эне Жумабаева.
«Силердин келип жардамдашканыңарга чоң рахмат. Силер дагы бизге окшогон бактылуу чоң эне, чоң аталардан болгула»,—деди Жаңыл эне.
Мектеп окуучулары карылардын ыраазычылыгын угуп, мындан ары дагы жардам берип турушаарын айтышты.
«Карысы бардын ырысы бар демекчи, карылардын эмне жумушу болсо барып жардам берип турушубуз керек»,—деди 9-класстын окуучусу Жандос Догдурбек уулу.
Авторлор: Гүлжан Нуркасым кызы, Темирболот Өсөрбек уулу, Адина Осмонова